Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Ак үй: АКШнын Украина үчүн макулдашылган каражаты аз калды

© AP Photo / Patrick SemanskyВашингтондогу АКШнын Ак үйү. Архив
Вашингтондогу АКШнын Ак үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2023
Жазылуу
Америкалык ЖМКлардын маалыматы боюнча, АКШ буга чейин Украинага көрсөткөн аскердик, экономикалык жана гуманитардык жардамдын көлөмү 100 миллиард доллардан ашкан.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. АКШ конгресси тарабынан Киевге жардам берүү үчүн макулдашылган каражат дээрлик түгөнүп калды. Бул тууралуу америкалык президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан эскертти.
"Конгресс менен мурда макулдашылган каражат дээрлик түгөнүп калды, эми биз Украинанын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жооп бере алабыз деген ишеним болушу үчүн конгресс чара көрүшү керек", — деди Салливан.
Президент Жо Байден кечээ конгресстен Израиль менен Украинага жардам көрсөтүү үчүн болуп көрбөгөндөй чоң сумманы, 105 миллиардга жакын долларды макулдашууну суранды.
Деген менен Өкүлдөр палатасы аны карай албайт, анткени алкызматтан алынган спикер Кевин Маккартинин ордуна башкасын шайлай элек. Өтүнүч убактылуу спикер болуп шайланган Патрик Макгенриге жолдонгон, бирок анда бул маселени чечүү үчүн жетиштүү ыйгарым укуктары жок.
Буга чейин Байден конгресстен Украинага 24 миллиард жардам сураганда республикачыл конгрессмендер Киев үчүн каражат камтылган бюджетти бекитүүдөн баш тартып, иш токтоп кала жаздаган.
Жыйынтыгында Украина үчүн каражат каралбаган бюджет кабыл алынып, Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин МакКарти кызматынан кол жууган. Анткени бир нече республикачылар ал Байдендин администрациясы менен Киев үчүн каражат бөлүүдө жашыруун келишим түзгөндүгүн билдиришкен. Эми АКШнын Украинага бере турган жаңы каражаты жок, ал эми мурда макулдашылган каражат кыска мөөнөткө гана жетет. Америкалык басылмалардын маалыматы боюнча, АКШ буга чейин Украинага көрсөткөн аскердик, экономикалык жана гуманитардык жардамдын көлөмү 100 миллиард доллардан ашкан.
АКШнын Өкүлдөр палатасы спикер Кевин Маккарти. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Шатдаун илеби: АКШда спикер отставкага кетип, конгрессчилер тыныгууга чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0