https://sputnik.kg/20231019/kyrgyzstan-korgoshun-den-sooluk-maalymat-salamattyk-1079612538.html
Балдардын ден соолугуна коргошундун зыяны кандай? Адистер кулак кагыш кылды
Балдардын ден соолугуна коргошундун зыяны кандай? Адистер кулак кагыш кылды
Sputnik Кыргызстан
Коргошунга уулануу айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу болот. Бул — балдар арасында көп кезигүүчү коркунучтуу оору. 19.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-19T09:15+0600
2023-10-19T09:15+0600
2023-10-19T09:15+0600
кыргызстан
коргошун
ден соолук
маалымат
саламаттык
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/12/1079613913_576:1063:2326:2048_1920x0_80_0_0_4a62a2e6cf8d01979215a255932a12b1.jpg
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Изилдөөлөргө ылайык, дүйнөдөгү ар бир үчүнчү баланын канында балага неврологиялык, когнитивдик жана физикалык жактан зыян алып келиши мүмкүн болгон коргошундун көлөмү бар. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору менен "Экологиялык маалымат кызматы – Бишкек" коомдук бирикмеси өткөргөн маалымат жыйында айтылган.Анда белгиленгендей, мектепке чейинки курактагы балдардын нерв системасы калыптануу стадиясында болгондуктан коргошундун зыяндуу таасирине көп кабылышат. Коргошундун адамдын ден соолугуна тийгизген зыянынын кесепети чоң, интоксикациясы чоңдорго да, балдарга да тарап, көп жылдар бою катуу өнөкөт оорулар менен жабыркашат.Анда белгиленгендей, ушул маселеге байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги "Экологиялык маалымат кызматы — Бишкек" коомдук бирикмеси, "Таза жер" уюму менен өнөктөштүктө "Коргошунду азайтуу үчүн саламаттыкты сактоо системаларын бекемдөө" деген аталыштагы беш жылдык долбоорун ишке ашырууда.Борбор тараткан билдирмеге ылайык, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коргошунга уулануу айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу болот. Бул — балдар арасында көп кезикчү коркунучтуу оору. Эң кооптуусу, коргошун адамдын организмине байкалбай кирип, кандайдыр бир белгилерди билдирбейт. Андыктан аны көзгө көрүнбөгөн уу деп аташат.
https://sputnik.kg/20231012/kyrgyzstan-meningit-ooru-bishkek-1079347318.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/12/1079613913_647:966:2089:2048_1920x0_80_0_0_3d0586cef1214b37fd00c86a23766b44.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коргошун, ден соолук, маалымат, саламаттык
кыргызстан, коргошун, ден соолук, маалымат, саламаттык
Балдардын ден соолугуна коргошундун зыяны кандай? Адистер кулак кагыш кылды
Коргошунга уулануу айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу болот. Бул — балдар арасында көп кезигүүчү коркунучтуу оору.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Изилдөөлөргө ылайык, дүйнөдөгү ар бир үчүнчү баланын канында балага неврологиялык, когнитивдик жана физикалык жактан зыян алып келиши мүмкүн болгон коргошундун көлөмү бар. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору менен "Экологиялык маалымат кызматы – Бишкек" коомдук бирикмеси өткөргөн маалымат жыйында айтылган.
Анда белгиленгендей, мектепке чейинки курактагы балдардын нерв системасы калыптануу стадиясында болгондуктан коргошундун зыяндуу таасирине көп кабылышат. Коргошундун адамдын ден соолугуна тийгизген зыянынын кесепети чоң, интоксикациясы чоңдорго да, балдарга да тарап, көп жылдар бою катуу өнөкөт оорулар менен жабыркашат.
"Коргошунга уулануунун көпчүлүк учурлары билинбей калат, аны кан анализисиз аныктоо өтө кыйын же мүмкүн эмес. Бул — учурдагы балдардын ден соолугунун эң актуалдуу, бирок анча жайылбаган көйгөйлөрүнүн бири. Ден соолукка жана экономикага тийгизген зор зыянына карабастан Кыргызстанда коргошундун балдарга жетүүсүн натыйжалуу аныктоо, дарылоо жана алдын алуу үчүн система жана техникалык мүмкүнчүлүк жок", — деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, ушул маселеге байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги "Экологиялык маалымат кызматы — Бишкек" коомдук бирикмеси, "Таза жер" уюму менен өнөктөштүктө "Коргошунду азайтуу үчүн саламаттыкты сактоо системаларын бекемдөө" деген аталыштагы беш жылдык долбоорун ишке ашырууда.
Борбор тараткан билдирмеге ылайык, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коргошунга уулануу айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу болот. Бул — балдар арасында көп кезикчү коркунучтуу оору. Эң кооптуусу, коргошун адамдын организмине байкалбай кирип, кандайдыр бир белгилерди билдирбейт. Андыктан аны көзгө көрүнбөгөн уу деп аташат.
12 Тогуздун айы 2023, 08:29