https://sputnik.kg/20231016/bishkek-tez-zhardam-unaa-satyp-aluu-1079500993.html
Бишкек мэриясы 3 тез жардам унаасын сатып алууга конкурс жарыялады. Баасы
Бишкек мэриясы 3 тез жардам унаасын сатып алууга конкурс жарыялады. Баасы
Sputnik Кыргызстан
Машиналардын техникалык абалына 60 миң чакырым жүргөнгө чейин же бир жылга кепилдик берүү талабы коюлган. 16.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-16T08:34+0600
2023-10-16T08:34+0600
2023-10-16T08:34+0600
кыргызстан
бишкек
тез жардам
унаа
конкурс
сатып алуу
https://sputnik.kg/img/07e7/02/01/1072527004_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_2369d47ab8f44dd7c4d2a5a0c8a0a580.jpg
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы үч тез жардам унаасын сатып алуу үчүн конкурс жарыялады. Тиешелүү маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.Сынактын талабы боюнча, автоунаалар А классында болушу шарт. Ичинде бейтаптарды ташууга ылайыкташкан жабдуулар, тагыраагы, замбилден тарта алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө керектелген каражаттардын баары камсыздалышы абзел. Машиналардын техникалык абалына 60 миң чакырым жүргөнгө чейин же бир жылга кепилдик берүү каралган.Мекеме үч тез жардам унаасына 14 миллион 693 миң сом сунуштап жатат. Конкурска катышууну каалагандар 27-октябрга чейин табыштама жөнөтсө болот. Утуп чыккан компания 60 күндүн аралыгында алып келип бериши керектиги жазылган.
https://sputnik.kg/20231010/-kyrgyzstan-transformator-satyp-aldy-1079290800.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/02/01/1072527004_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_a6d3130e5ff29f4bc3c77ee16c364ba5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, тез жардам, унаа, конкурс, сатып алуу
кыргызстан, бишкек, тез жардам, унаа, конкурс, сатып алуу
Бишкек мэриясы 3 тез жардам унаасын сатып алууга конкурс жарыялады. Баасы
Машиналардын техникалык абалына 60 миң чакырым жүргөнгө чейин же бир жылга кепилдик берүү талабы коюлган.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы үч тез жардам унаасын сатып алуу үчүн конкурс жарыялады. Тиешелүү маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына
жарыяланды.
Сынактын талабы боюнча, автоунаалар А классында болушу шарт. Ичинде бейтаптарды ташууга ылайыкташкан жабдуулар, тагыраагы, замбилден тарта алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө керектелген каражаттардын баары камсыздалышы абзел. Машиналардын техникалык абалына 60 миң чакырым жүргөнгө чейин же бир жылга кепилдик берүү каралган.
Мекеме үч тез жардам унаасына 14 миллион 693 миң сом сунуштап жатат. Конкурска катышууну каалагандар 27-октябрга чейин табыштама жөнөтсө болот. Утуп чыккан компания 60 күндүн аралыгында алып келип бериши керектиги жазылган.
10 Тогуздун айы 2023, 16:40