https://sputnik.kg/20231015/kant-bazasynyn-rolu-tuuraluu-1079487932.html
Мамытов: Канттагы база кыргыз тараптын өтүнүчү менен ачылган
Мамытов: Канттагы база кыргыз тараптын өтүнүчү менен ачылган
Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук жаатында эксперт, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов Канттагы авиабазанын региондогу коопсуздукту камсыздоодо орду чоң экенин белгиледи. 15.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-15T12:35+0600
2023-10-15T12:35+0600
2023-10-15T12:35+0600
радио
токон мамытов
коопсуздук
россия
авиабаза
"кант" авиабазасы
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/1e/1070537335_0:310:3067:2035_1920x0_80_0_0_66ec08d433631412648e4d5bf69e4d96.jpg
Мамытов: Канттагы база кыргыз тараптын өтүнүчү менен ачылган
Sputnik Кыргызстан
Коопсуздук жаатында эксперт, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов Канттагы авиабазанын региондогу коопсуздукту камсыздоодо орду чоң экенин белгиледи.
Россиянын Канттагы авиабазасы кыргыз тараптын суранычы менен ачылган. Бул тууралуу Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, ал кезде аба коопсуздугун камсыздоодо өлкөнүн мүмкүнчүлүгү чектелүү эле.Ошондой эле ал Россия тарап базаны чыгарып кетүүгө даяр экенин билдиргенин, бирок кыргыз тарап каршы болуп келгенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/1e/1070537335_421:250:2760:2004_1920x0_80_0_0_00826a479a36300c3ba88c9217d5ee50.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
токон мамытов, коопсуздук, россия, авиабаза, "кант" авиабазасы, кыргызстан, аудио
токон мамытов, коопсуздук, россия, авиабаза, "кант" авиабазасы, кыргызстан, аудио
Мамытов: Канттагы база кыргыз тараптын өтүнүчү менен ачылган
Коопсуздук жаатында эксперт, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов Канттагы авиабазанын региондогу коопсуздукту камсыздоодо орду чоң экенин белгиледи.
Россиянын Канттагы авиабазасы кыргыз тараптын суранычы менен ачылган. Бул тууралуу Токон Мамытов
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ал кезде аба коопсуздугун камсыздоодо өлкөнүн мүмкүнчүлүгү чектелүү эле.
"Канттагы авиабазаны ачуу боюнча чечим эмнеден келип чыккан? Тарыхка кайрылсак, 1999-2000-жылдары Баткен окуясы болгон. Куралчан топтор кирип келип тоолорго жашынган. Ошондо авиацияны колдонуу муктаждыгы жаралган, бирок өлкөдө учак, тик учактар жок болчу. Натыйжада Өзбекстандын авиациясы бомбалаган. Ал учурда Афганстанда дагы абал курчуп тургандыктан өлкө жетекчилиги Россияга кайрылган. Учактарды тейлөө, кармап туруу кымбатка турат. Мунун баарын Россия тараптын каршылыгына карабастан аларга жүктөп салганбыз. Кийин бир топ жылдардан кийин абал тынчып калганда бул чечимди сынга алгандар дагы чыкты. Чынында Канттагы авиабаза Кыргызстанга керек. Террордук же башка уюмдардан аба аркылуу коркунуч жаралса өлкө өз алдынча коопсуздукту камсыздай албай калат. Анын үстүнө бул база өлкөдөгү эле эмес, региондогу коопсуздукту сактоодо орду чоң. Ошондуктан Кыргызстан Баткенде дагы бир база ачууну сунуштап, бирок бул маселе чечилбей калды. Анткени аны кармап туруу эбегейсиз чыгымдарды талап кылат", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал Россия тарап базаны чыгарып кетүүгө даяр экенин билдиргенин, бирок кыргыз тарап каршы болуп келгенин кошумчалады.