КМШ өлкөлөрүн мамлекеттик желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Бишкектеги КМШ саммити
12-13-октябрда Кыргызстандын борбор калаасында саммит өтөт. Ага КМШ мамлекеттеринин башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Быйыл КМШ органдарына Кыргызстан төрагалык кылууда.

Путин: Армения КМШдан чыкпайт

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүРоссиянын лидери Владимир Путин Бишкектеги КМШ саммитинде
Россиянын лидери Владимир Путин Бишкектеги КМШ саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Менин түшүнгөнүм боюнча, Армения КМШдан чыкпайт. Бул тууралуу Россиянын лидери Владимир Путин Бишкектеги КМШ саммитинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.
Путинге КМШнын келечеги, Армениянын премьер-министри Николь Пашиняндын саммитке келбей калышы боюнча суроо узатылды.
"Премьер-министр Пашинян мага телефон чалган. Бүгүнкү саммит боюнча дагы сөз кылганбыз. Себептери бар. Азыр айтпай эле коёюн. Андан көрө Армениянын премьер-министринин өзүнөн сураңыздар. Менин түшүнгөнүм боюнча, Армения КМШдан чыкпайт", — деп жооп берди Путин.
Абадан кол салуудан коргонуучу система - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2023
Бишкектеги КМШ саммити
Путин КМШда абадан кол салуудан коргонуу системасын түзүү боюнча оюн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0