https://sputnik.kg/20231012/kyrgyzstan-rossiya-dostuk-1079378023.html
Жапаров: тарыхый достук байланыш менен биргелешкен келечек куруудабыз
Жапаров: тарыхый достук байланыш менен биргелешкен келечек куруудабыз
Sputnik Кыргызстан
Жапаров Кыргызстанга Россия сала турган мектептин бүтүрүүчүлөрү кийин кыргыз-орус мамилесин бекемдөөгө чоң салым кошот деген ишеничин билдирген. 12.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-12T15:47+0600
2023-10-12T15:47+0600
2023-10-12T15:47+0600
путиндин кыргызстанга расмий сапары
кыргызстан
россия
владимир путин
садыр жапаров
саясат
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/0b/1068866637_0:0:2835:1595_1920x0_80_0_0_bda4ed5d39ff0d45eb9b521c5a161917.jpg
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тарыхый достук байланыш биздин курулуп келе жаткан биргелешкен келечектин бекем пайдубалы болуп саналат. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров билдирди.Ал Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилени кыргыз тарап жогору баалай турганын белгилеген.Жапаров жакында эле Путин менен бирге мектептердин курулушуна старт берилгенин айтып, келечекте бул мектептин бүтүрүүчүлөрү кыргыз-орус мамилесин бекемдөөгө чоң салым кошот деген ишеничин билдирген.Ал аймактар аралык байланыш да жакшырып жатканына токтолгон."Поезд Памяти", "Алые паруса" иш-чараларын, Екатеринбург, Челябинск, Курган жана Казань шаарларындагы кыргыз балет искусствосунун жаш таланттары жана чеберлеринин көргөзмөлөрүн өзгөчө баса белгилеп кетмекчимин. Жакын арада "Интердом — Кыргызстандын балдарына" долбоорунун алкагында 15 бала Россияга бармакчы", — деген президент.Мамлекет башчы Россиянын өкмөт, ТИМ, ӨКМ, Росгвардия башчылары жана башка делегацияларынын Кыргызстанга болгон сапарын кыргыз тарап жогору баалай турганын кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20231012/putindin-sapary-iri-simvolikalyk-maanige-eheh-1079376520.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/0b/1068866637_83:0:2795:2034_1920x0_80_0_0_62120363c3a9bfff46cea51887032be5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, владимир путин, садыр жапаров, саясат
кыргызстан, россия, владимир путин, садыр жапаров, саясат
Жапаров: тарыхый достук байланыш менен биргелешкен келечек куруудабыз
Жапаров Кыргызстанга Россия сала турган мектептин бүтүрүүчүлөрү кийин кыргыз-орус мамилесин бекемдөөгө чоң салым кошот деген ишеничин билдирген.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тарыхый достук байланыш биздин курулуп келе жаткан биргелешкен келечектин бекем пайдубалы болуп саналат. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров билдирди.
Ал Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилени кыргыз тарап жогору баалай турганын белгилеген.
"Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тарыхый достук байланыш биздин курулуп келе жаткан биргелешкен келечектин бекем пайдубалы болуп саналат. Эки өлкөнүн байланышын жана өнөктөштүгүн бекемдөөгө негиз да, кең келечек да бар", — деген президент.
Жапаров жакында эле Путин менен бирге мектептердин курулушуна старт берилгенин айтып, келечекте бул мектептин бүтүрүүчүлөрү кыргыз-орус мамилесин бекемдөөгө чоң салым кошот деген ишеничин билдирген.
Ал аймактар аралык байланыш да жакшырып жатканына токтолгон.
"Поезд Памяти", "Алые паруса" иш-чараларын, Екатеринбург, Челябинск, Курган жана Казань шаарларындагы кыргыз балет искусствосунун жаш таланттары жана чеберлеринин көргөзмөлөрүн өзгөчө баса белгилеп кетмекчимин. Жакын арада "Интердом — Кыргызстандын балдарына" долбоорунун алкагында 15 бала Россияга бармакчы", — деген президент.
Мамлекет башчы Россиянын өкмөт, ТИМ, ӨКМ, Росгвардия башчылары жана башка делегацияларынын Кыргызстанга болгон сапарын кыргыз тарап жогору баалай турганын кошумчалаган.
12 Тогуздун айы 2023, 15:28