https://sputnik.kg/20231011/az-kamsyzduuluk-zholok-pul-berilet-zhol-zhobo-1079295468.html
Аз камсыздуулук боюнча жөлөк пул кимге кантип берилет? Жол-жобосу
Аз камсыздуулук боюнча жөлөк пул кимге кантип берилет? Жол-жобосу
Sputnik Кыргызстан
Жөлөк пул берилерде үй-бүлөнүн жалпы кирешеси эске алынат. 11.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-11T08:54+0600
2023-10-11T08:54+0600
2024-06-04T18:47+0600
кыргызстан
жөлөк пул
эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
https://sputnik.kg/img/102628/48/1026284840_0:0:2818:1586_1920x0_80_0_0_ab080bb47b300d64801845a505807d93.jpg
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыздуулук боюнча "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу кимге берилерин эскертти.Ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, анын ичинде эмгек мигранттарынын 16 жашка чейинки балдарына берилип, бир балага 1200 сом өлчөмүндө дайындалат.Мындай көмөк берилерде үй-бүлөнүн жалпы кирешеси эске алынат. Шарт боюнча үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн кирешеси айына 1000 сомдон ашпоого тийиш.Жөлөк пул иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында белгиленген тартипте иштебеген жана катталбаган жарандарга дайындалбайт.Мында арыз берүүчүнүн өзүнөн (анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн) жумушсуз статусун кагаз жүзүндө тастыктоо (маалым кат) талап кылынбайт, анткени маалыматтар эмгек рыногунун маалыматтык системасына киргизилет, алар автономдуу режимде социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына жеткирилет.Эгерде жаран ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эки айдын ичинде келбесе, ал расмий жумушсуздун жана жумуш издегендин катарынан чыгарылат.
https://sputnik.kg/20230920/olkodo-211-min-mayyptygy-bar-adam-zhashayt-1078743955.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102628/48/1026284840_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_522b0d0e6c6fc0df8ebad3d6b0938e8b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жөлөк пул, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
кыргызстан, жөлөк пул, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
Аз камсыздуулук боюнча жөлөк пул кимге кантип берилет? Жол-жобосу
08:54 11.10.2023 (Жаңыртылды: 18:47 04.06.2024) Жөлөк пул берилерде үй-бүлөнүн жалпы кирешеси эске алынат.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыздуулук боюнча "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу кимге берилерин эскертти.
Ал аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, анын ичинде эмгек мигранттарынын 16 жашка чейинки балдарына берилип, бир балага 1200 сом өлчөмүндө дайындалат.
Мындай көмөк берилерде үй-бүлөнүн жалпы кирешеси эске алынат. Шарт боюнча үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн кирешеси айына 1000 сомдон ашпоого тийиш.
"Эмгекке жарамдуу курактагы үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү иштеши керек же эмгекке жарамсыздыгын далилдеши шарт. Эгерде үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу бир же бир нече мүчөсү бош эмес болсо, анда "үй-бүлөгө көмөк" деп кайрылуудан мурда алар жумушсуз катары каттоого турушу зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Жөлөк пул иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында белгиленген тартипте иштебеген жана катталбаган жарандарга дайындалбайт.
Мында арыз берүүчүнүн өзүнөн (анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн) жумушсуз статусун кагаз жүзүндө тастыктоо (маалым кат) талап кылынбайт, анткени маалыматтар эмгек рыногунун маалыматтык системасына киргизилет, алар автономдуу режимде социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасына жеткирилет.
Эгерде жаран ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эки айдын ичинде келбесе, ал расмий жумушсуздун жана жумуш издегендин катарынан чыгарылат.