ЕЭК менен Россиянын Тышкы соода академиясы кызматташа турган болду

© Фото / пресс-служба ЕЭКЕЭК менен РФтин Экономиканы өнүктүрүү министрлигинин Тышкы соода боюнча бүткүл россиялык академиясы кызматташуу боюнча программага кол коюшту
ЕЭК менен РФтин Экономиканы өнүктүрүү министрлигинин Тышкы соода боюнча бүткүл россиялык академиясы кызматташуу боюнча программага кол коюшту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
Жазылуу
Академиядан студенттер менен профессордук-окутуучулук курамдын арасында евразиялык интеграцияга суроо-талап барын айтышты.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы менен РФтин Экономиканы өнүктүрүү министрлигинин Тышкы соода боюнча бүткүл россиялык академиясы 2023-2024-жылдарга карата кызматташуу боюнча программага кол коюшту.
ЕЭК төрагасы Михаил Мясниковичтин айтымында, евразиялык экономикалык интеграциянын процесстери боюнча адистешкен профилдик кадрларды даярдоо маселеси өтө маанилүү.
“Комиссия жогорку квалификациялуу адистердин улуттук органдарда жана мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу министрликтери менен ведомстволорунда иштешине кызыкдар. Айрыкча ЕАЭБдин тышкы соодасы активдүү өнүгүп жаткан кезде академиянын ролу чоң”, — деди Мясникович.
© Фото / пресс-служба ЕЭКЕЭК и Всероссийская академия внешней торговли подписали Программу сотрудничества
ЕЭК и Всероссийская академия внешней торговли подписали Программу сотрудничества - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2023
РФтин экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач программа ЕЭКтин академия менен тыгыз кызматташтыгын камтый турганын белгиледи. Студенттер комиссияда практикадан өтүп, дипломдук иштерин жактай алышат. Ошондой эле илимий билим берүү жаатындагы долбоорлорду даярдоого жана илимий конференцияларды өткөрүүгө тартылат.
“Ошондой эле ЕЭК өкүлдөрү зарыл болгон учурда Тышкы соода боюнча бүткүл россиялык академиядан квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо программаларынан кошумча өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мындан тышкары, алар ЕЭКтин ишмердигине илимий экспертиза жүргүзүүдө аталган академиянын адистештирилген илимий борборлорунун катышуусуна ишеним арта алышат”,— деген Вольвач.
Академиянын окуу иштери боюнча проректору Виктория Идрисова студенттер менен профессордук-окутуучулук курамдын арасында евразиялык интеграцияга суроо-талап бардыгын белгилеп, кызматташуу программасына өз убагында кол коюларына ишенерин белгиледи.
Кыскача жыйынтык чыгарган Мясникович жаштарды студенттик мезгилден тартып интеграциялык долбоорго кызыктыруу, майнаптуу чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү евразиялык адистердин коомун түзүү маанилүү экенин айтты.
Кол алышып учурашууда бизнес өнөктөштөр. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2023
ЕАЭБ бизнес жүргүзүү шарттарына оң таасир этүүдө. Изилдөөнүн жыйынтыгы
Жаңылыктар түрмөгү
0