https://sputnik.kg/20231007/aziya-oyundary-kolo-medal-erkin-kurosh-1079217401.html
Жагымдуу кабар! Кыргызстандык эки балбан Азия оюндарынан коло медаль утту
Жагымдуу кабар! Кыргызстандык эки балбан Азия оюндарынан коло медаль утту
Sputnik Кыргызстан
Эки балбан тең коңшу өлкөдөн барган спортчулар менен байге талашты. 07.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-07T18:29+0600
2023-10-07T18:29+0600
2023-10-07T18:40+0600
спорт
азия оюндары
күрөш
балбан
коло
медаль
видео
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/07/1079211648_0:365:1280:1085_1920x0_80_0_0_cf53a910412c617cd53bfc3a54afc253.jpg
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Орозобек Токтомамбетов менен Айаал Лазарев Азия оюндарында эркин күрөштөн коло медаль тагынды.Токтомамбетов 74 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, III орун үчүн тажикстандык спортчу менен күч сынашты. Натыйжада ал атаандашына жеңилүү ызасын тарттырып, 4:2 эсебинде утту.Ал эми 125 килограмм чен бирдикте чыккан Лазарев өзбекстандык Хасанбой Рахимовдон соңку секундада медалды “жулуп алды”.Башында атаандашына 6:2 эсебинде утулуп жаткан, бирок акыркы 10 секунданын ичинде 4 упайлык эки ыкма жасаганга үлгүрдү. Мында акыркы аракети бааланып, ага жеңиш ыйгарылмак. Бирок Рахимовдун машыктыруучусу макул болбой “челлендж” басты эле, жыйынтыгында калыстар менен негизсиз талашканы аныкталды. Ал үчүн кыргызстандык балбанга дагы бир упай берилди. Натыйжада килемдеги таймаш 7:6 эсебинде Лазаревдин пайдасына аяктады.
https://sputnik.kg/20231007/kyrgyzstan-aziya-oyundary-medal-karate-1079206422.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/07/1079211648_0:312:1280:1272_1920x0_80_0_0_b661c0edcc01dc098fbc739d2e806024.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
спорт, азия оюндары, күрөш, балбан, коло, медаль, видео
спорт, азия оюндары, күрөш, балбан, коло, медаль, видео
Жагымдуу кабар! Кыргызстандык эки балбан Азия оюндарынан коло медаль утту
18:29 07.10.2023 (Жаңыртылды: 18:40 07.10.2023) Эки балбан тең коңшу өлкөдөн барган спортчулар менен байге талашты.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар Орозобек Токтомамбетов менен Айаал Лазарев Азия оюндарында эркин күрөштөн коло медаль тагынды.
Токтомамбетов 74 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, III орун үчүн тажикстандык спортчу менен күч сынашты. Натыйжада ал атаандашына жеңилүү ызасын тарттырып, 4:2 эсебинде утту.
Ал эми 125 килограмм чен бирдикте чыккан Лазарев өзбекстандык Хасанбой Рахимовдон соңку секундада медалды “жулуп алды”.
Башында атаандашына 6:2 эсебинде утулуп жаткан, бирок акыркы 10 секунданын ичинде 4 упайлык эки ыкма жасаганга үлгүрдү. Мында акыркы аракети бааланып, ага жеңиш ыйгарылмак. Бирок Рахимовдун машыктыруучусу макул болбой “челлендж” басты эле, жыйынтыгында калыстар менен негизсиз талашканы аныкталды. Ал үчүн кыргызстандык балбанга дагы бир упай берилди. Натыйжада килемдеги таймаш 7:6 эсебинде Лазаревдин пайдасына аяктады.
7 Тогуздун айы 2023, 12:06