Ит тиштесе үйдө жатып албаңыз! Дүйнөдө бир жылда кутурмадан 60 миң адам көз жумат

© Sputnik / Виталий Залесский / Медиабанкка өтүүҮрүп жаткан ит. Архив
Үрүп жаткан ит. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2023
Жазылуу
Кутурма жуктурган адамдын агрессиясы күчөп, кыйкырып, бардык нерсени бүлдүрүп, сындырып, кийимин тыта баштайт.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык саниэпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору кутурма оорусунан сактануу жолдорун сунуштады.
Маалыматка ылайык, аталган илдеттен жыл сайын дүйнөдө 60 миңдей адам каза болот. Мындай учурлар Кыргызстанда дагы катталбай койбойт. Мисалы, быйыл Чоң-Алайда 60 жаштагы адамды ит тиштеп, ал медиктерге убагында кайрылбагандыктан өлүмгө дуушар болгон. Жакында эле Ош шаарында 12 жаштагы окуучу бала да кутурма дартынан көз жумду.
Кутурма оорусу (гидрофобия) — борбордук нерв системасынын оор жабыркашы менен мүнөздөлгөн жана өлүм менен аяктаган, жаныбардан жугуучу дарт. Ооруну вирус чакырат. Жаныбар тиштегенде шилекейи аркылуу жарага түшүп дартты пайда кылат.

Оорунун негизги белгилери

Тиштеген жер бир аз ыңгайсыз кылып, ооруп, кычышып, кызарып, кээде шишип кетет. Суудан, желден, үндөн, жарыктан коркуп калат. Адамдын дене табы 40-41 градуска чейин көтөрүлөт.
Адамдын агрессиясы күчөп, кыйкырып, бардык нерсени бүлдүрүп, сындырып, кийимин тытат. Мындай көрүнүш бир нече мүнөткө созулат.
Кыргызстанда абал салыштырмалуу туруксуз, анткени адамдар жана жаныбарлар арасында кутурма оорусу катталууда. Быйыл 8 айда кутурма оорусунун бир адам каза болгон.
Ооруну алдын алуу жолдору:
үй жаныбарларын кутурма оорусуна каршы эмдөө зарыл;
тиштеген итти 10 күнгө байкоого алуу керек;
жараатты, иттин шилекейи түшкөн жерди самындап жууп, тазалап, таза бинт менен таңып, тез аралыкта дарыгерге кайрылуу зарыл;
кокус ит каап алса ачууга алдырып, итти өлтүргөнгө шашылбаңыз. Үйгө ветеринардык дарыгерди чакырып, итти толук кароодон өткөзүп, сунуштамаларды алыңыз.
Эмдөө алуу үчүн Спорттук-реабилитациялык борборго кайрылып, врач рабиологдун кеңешин ала аласыз. Дареги: Манас пропекти, 41, (41-кабинет), саат 08:00-17:00, жекшемби жана майрам күндөрү да жардам көрсөтүлөт.
Илдетти алдын алуунун бир гана жолу — эмдөө экени эскертилди.
Женщина на осмотре у врача - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Өлкөдө эмчек рагы менен ооругандар көбөйүүдө. Дарыгерлерден аялдарга кулак кагыш
Жаңылыктар түрмөгү
0