https://sputnik.kg/20231005/rossiya-vladimir-putin-valdaj-zhyjyn-1079167358.html
Путин: Россиянын кошумча территориялуу болуу ниети жок
Путин: Россиянын кошумча территориялуу болуу ниети жок
Sputnik Кыргызстан
РФ лидери Россия аймагы боюнча дүйнөдөгү эң ири өлкө экенин эске салды. 05.10.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-10-05T20:43+0600
2023-10-05T20:43+0600
2023-10-06T09:52+0600
дүйнөдө
россия
владимир путин
валдай форуму
"валдай" клубу
жыйын
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/05/1079166229_0:130:3114:1883_1920x0_80_0_0_fb0a8b22c660ce9d5b3602ded015cacb.jpg
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Украина кризиси — территориялык жаңжал эмес. Бул тууралуу Владимир Путин “Валдай” эл аралык жыйынында сүйлөп жатып айтты.Ал Россия аймагы боюнча дүйнөдөгү эң ири өлкө экенин эске салды.РФ лидери Украинадагы согушту Россия баштабаганын, тескерисинче, аны соңуна чыгарууга аракет кылып жатканын белгиледи.Мындан тышкары, Путин АКШ жана Европадагы айрым кесиптештерине кайрылып, алардын ким кантип жашашы керектигинен бери буйрук берип көнүп алышканын белгиледи. Россия лидеринин айтымында, алардын кылгандары колониялык доордогу башкарууну эске салат.“Көзүңөрдү ачкыла, бул доор бүттү, ал кайра кайрылбайт”, - деди ал.Бул жылы "Валдай" жыйыны Сочи шаарында өтүүдө.“Валдай” эл аралык дискуссиялык клубу — саясат таануу, экономика, тарых, эл аралык мамилелер жаатындагы россиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы эксперттердин бирикмеси. Клуб 2004-жылдын сентябрында РИА Новости агенттиги, Тышкы жана коргоо саясаты кеңеши, Moscow Times гезити, Russia Profile жана “Россия в глобальной политике” журналынын демилгеси менен түзүлгөн.
https://sputnik.kg/20230930/putin-kajryluu-rossiya-doneck-lugansk-birigishi-1079044272.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/05/1079166229_152:0:2883:2048_1920x0_80_0_0_80dfd3741774b3c13f43249d700656a7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, владимир путин, валдай форуму, "валдай" клубу, жыйын
дүйнөдө, россия, владимир путин, валдай форуму, "валдай" клубу, жыйын
Путин: Россиянын кошумча территориялуу болуу ниети жок
20:43 05.10.2023 (Жаңыртылды: 09:52 06.10.2023) РФ лидери Россия аймагы боюнча дүйнөдөгү эң ири өлкө экенин эске салды.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Украина кризиси — территориялык жаңжал эмес. Бул тууралуу Владимир Путин “Валдай” эл аралык жыйынында сүйлөп жатып айтты.
Ал Россия аймагы боюнча дүйнөдөгү эң ири өлкө экенин эске салды.
“Кошумча территориялуу болуу ниетибиз жок. Сибирь, Ыраакы Чыгыш, айтор, өздөштүрө турган өзүбүздүн жерибиз жетиштүү”, — деди Путин.
РФ лидери Украинадагы согушту Россия баштабаганын, тескерисинче, аны соңуна чыгарууга аракет кылып жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, Путин АКШ жана Европадагы айрым кесиптештерине кайрылып, алардын ким кантип жашашы керектигинен бери буйрук берип көнүп алышканын белгиледи. Россия лидеринин айтымында, алардын кылгандары колониялык доордогу башкарууну эске салат.
“Көзүңөрдү ачкыла, бул доор бүттү, ал кайра кайрылбайт”, - деди ал.
Бул жылы "Валдай" жыйыны Сочи шаарында өтүүдө.
“Валдай” эл аралык дискуссиялык клубу — саясат таануу, экономика, тарых, эл аралык мамилелер жаатындагы россиялык жана чет өлкөлүк алдыңкы эксперттердин бирикмеси. Клуб 2004-жылдын сентябрында РИА Новости агенттиги, Тышкы жана коргоо саясаты кеңеши, Moscow Times гезити, Russia Profile жана “Россия в глобальной политике” журналынын демилгеси менен түзүлгөн.