УКМК Кыргызстандын жерлери Тажикстанга өттү деген маалыматты четке какты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын жан Таджикистандын желектери. Архив
Кыргызстандын жан Таджикистандын желектери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2023
Жазылуу
Комитет соцтармакта "маморгандардын ишин дискредитациялоо боюнча максаттуу иштер жүрүп жатканын" белгиледи.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстандын жерлери Тажикстанга өттү деген маалымат боюнча комментарий берди.
Социалдык тармактарда Тажикстанга Оштун Чоң-Алай районундагы жерлер (Алтын-Мазар) өттү деген маалымат тарап жатат.
"Кызыкдар болгон тараптар кыргыз жерлери коңшу өлкөгө өткөнүн айтып мамлекеттик органдардын ишин жокко чыгарууну көздөп жатышат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт", — деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.
Комитет элди чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана таянууга үндөдү.
Эскерте кетсек, 2-октябрда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары Баткенде мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. КР делегациясынын башчысы, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин биротоло чече турган №44 протоколго кол койгонун билдирген.
Кемпир-Абад суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Жапаров: өзбек тарап агып кирген сууну кандай колдонсо да бизге айырмасы жок
Жаңылыктар түрмөгү
0