4-октябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы. Архивдик сүрөт
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Жазылуу
4-октябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Шаршембиде күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Калган региондордо күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +20...+25, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл чөлкөмүндө +14...+19, Нарын жергесинде +15...+20 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +23...+25, Ош калаасында +25...+27 градуска жетет.
Комедиялык спектакль “Алда жаш жубайлар, ай!”. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.10.2023
Октябрда Кыргыз драма театрында кандай спектаклдер коюлат? Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0