Кыргызстандын мектептеринде Россиянын 112 мугалими эмгектенүүдө

© Фото / проект "Сила ума"Россия Федерациясынан келген мугалим Нарын шарындагы мектепте сабак өтүп жаткан кези. Архивдик сүрөт
Россия Федерациясынан келген мугалим Нарын шарындагы мектепте сабак өтүп жаткан кези. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2023
Жазылуу
Билим берүү жаатындагы долбоор Кыргызстанда 2019-жылдан бери иштеп келе жатат.ё
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын мектептеринде Россиядан келген 112 мугалим эмгектенет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Ольга Брызгалова билдирди.
Ал мугалимдердин "Келечекке сереп" аттуу Эл аралык кыргыз-россиялык форумунун ачылышында сүйлөгөн. Аталган иш-чараны Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Акмулла атындагы Башкыртстан мамлекеттик педагогикалык университети уюштурууда.
Брызгалова 2023-жыл КМШ мамлекеттеринде Орус тилинин жылы деп жарыяланганын белгиледи. Форумдун башкы максаты — орус тилин шериктештик мамлекеттерине жайылтуу.
Анын айтымында, "Россиялык мугалимдер чет өлкөдө" долбоору Кыргызстанда 2019-жылдан бери иштеп келе жатат.
"Былтыркы жылдан бери Кыргызстанда Россиянын 112 мугалими эмгектенүүдө. Башында алар жеке менчик жана менчик-мамлекеттик мектептерде болсо, эми долбоор муниципалдык жана мамлекеттик мектептерге кулачын жайып келет", — деди Брызгалова.
Ал РФтин Агартуу министрлигине Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлору үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Чет өлкөдөгү россиялык мугалим программасынын алкагында Бишкекке келип окуучуларга математика сабагынан билим берген Алсу Бикташева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2023
Россиялык мугалим кыргыз мектептериндеги тажрыйбасы менен бөлүштү
Жаңылыктар түрмөгү
0