Катуу үн уксаңыз дүрбөлөңгө түшпөңүз! ӨКМ машыгуу болорун эскертти

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүҮн күчөткүч. Архив
Үн күчөткүч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2023
Жазылуу
Сиреналардын коштоосундагы машыгуу 3-октябрга пландалган.
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги келе жаткан жумада сиреналардын коштоосунда машыгуу болорун айтып, катуу үндөн элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Маалыматка ылайык, 3-октябрь күнү саат 10:00дөн 11:00гө чейин Бишкек, Ош шаарында, облус жана райондун борборлорунда 5 мүнөткө сиреналар катуу жаңырат.
Машыгуу өзгөчө кырдаал учурунда жарандардын өзүн алып жүрүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт.
Иш-чарага мамлекеттик бардык мекемелердин катышуусу, ал эми билим берүү мекемелери менчигинин түрүнө карабастан тартылуусу пландалган.
Өрт. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0