"Борбор азиялык романсиаданын" жеңүүчүлөрү аныкталды. Тизме

© Sputnik / Владислав НогайГала-концерт "Среднеазиатской романсиады" в Бишкеке
Гала-концерт Среднеазиатской романсиады в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Жазылуу
Буга чейин романс аткаруучулар арасында сынак уюштурулган. Бүгүн романсиаданын гала-концерти өттү.
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Орус романстарынын жаш аткаруучулары арасында өткөн VII "Борбор азиялык романсиада” эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Мыкты наам үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 57 катышуучу күч сынашты. Сынак 28-сентябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында уюштурулган.
Бүгүн филармонияда конкурстун гала-концерти болду. Кечеге Россиянын эмгек сиңирген артисти Галина Преображенская, "Россия" ансамблинин солисти Ирина Крутова, Өзбекстандын эл артисти Авазхон Ражабов, КР эмгек сиңирген артисттери Элнура Муктарбек, Тилек Найманбаев, Игорь Воронцов, Казакстандын улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Эмил Сакавов, VII "Борбор азиялык романсиаданын" лауреаттары жана Бишкек мэриясынын Урмат Тентимишов жетектеген симфониялык оркестри катышты.
Жаш таланттар "Романсиада үмүтү", "Жаш аткаруучулар", "Чексиз романс" номинациялары үчүн өнөрлөрүн тартуулашты. Бул катарга дагы бир - "Автордук романс" номинациясы да киргизилди.
© Sputnik / Владислав Ногай

Орус романстарынын жаш аткаруучулары арасында өткөн VII "Борбор азиялык романсиада” эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Орус романстарынын жаш аткаруучулары арасында өткөн VII "Борбор азиялык романсиада” эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды - Sputnik Кыргызстан
1/6

Орус романстарынын жаш аткаруучулары арасында өткөн VII "Борбор азиялык романсиада” эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

© Sputnik / Владислав Ногай

Мыкты наам үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 57 катышуучу күч сынашты

Мыкты наам үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 57 катышуучу күч сынашты - Sputnik Кыргызстан
2/6

Мыкты наам үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 57 катышуучу күч сынашты

© Sputnik / Владислав Ногай

Сынак 28-сентябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында уюштурулган

Сынак 28-сентябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында уюштурулган - Sputnik Кыргызстан
3/6

Сынак 28-сентябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында уюштурулган

© Sputnik / Владислав Ногай

Бүгүн филармонияда конкурстун гала-концерти болду

Бүгүн филармонияда конкурстун гала-концерти болду - Sputnik Кыргызстан
4/6

Бүгүн филармонияда конкурстун гала-концерти болду

© Sputnik / Владислав Ногай

Жаш таланттар "Романсиада үмүтү", "Жаш аткаруучулар", "Чексиз романс" номинациялары үчүн өнөрлөрүн тартуулашты

Жаш таланттар "Романсиада үмүтү", "Жаш аткаруучулар", "Чексиз романс" номинациялары үчүн өнөрлөрүн тартуулашты - Sputnik Кыргызстан
5/6

Жаш таланттар "Романсиада үмүтү", "Жаш аткаруучулар", "Чексиз романс" номинациялары үчүн өнөрлөрүн тартуулашты

© Sputnik / Владислав Ногай

Баш байгени кыргызстандык аткаруучу Элгиз Бейшенбаев жеңип алды

Баш байгени кыргызстандык аткаруучу Элгиз Бейшенбаев жеңип алды - Sputnik Кыргызстан
6/6

Баш байгени кыргызстандык аткаруучу Элгиз Бейшенбаев жеңип алды

1/6

Орус романстарынын жаш аткаруучулары арасында өткөн VII "Борбор азиялык романсиада” эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

2/6

Мыкты наам үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 57 катышуучу күч сынашты

3/6

Сынак 28-сентябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында уюштурулган

4/6

Бүгүн филармонияда конкурстун гала-концерти болду

5/6

Жаш таланттар "Романсиада үмүтү", "Жаш аткаруучулар", "Чексиз романс" номинациялары үчүн өнөрлөрүн тартуулашты

6/6

Баш байгени кыргызстандык аткаруучу Элгиз Бейшенбаев жеңип алды

Баш байгени кыргызстандык аткаруучу Элгиз Бейшенбаев жеңип алды. Ал декабрь айында Москвада өтө турган орус романстарынын жаш аткаруучуларынын "Романсиада" XXVII эл аралык сынагынын финалына катышат.
Биринчи орундун ээлери:
Шохсанам Обидова, Ридван Сулейманов (Өзбекстан), Николай Ковалев, Субан Үмөтбек уулу (Кыргызстан), Данияр Раис (Казакстан).
Экинчи орундун ээлери:
Сыймык Сатыбалдиев, Ольга Севостьянова, Азамат Бейшембаев (Кыргызстан), Фарезбек Усмонов, Азизбек Усмонов (Өзбекстан).
Үчүнчү орундун ээлери:
Улан Асеков, Абдиназар Токтосунов, Темирлан Магзимов (Кыргызстан), Мохигул Гайыпова (Өзбекстан), Гани Макар (Казакстан).
Диплом менен сыйлангандар:
Хикматилло Хайитов (Өзбекстан), Айсуу Береке кызы, Дарья Казакова, Бекхан Додонов, Даниел Касымов, Алиназар Жамалбеков, Аят Мисирова, Сания Мамашева, Бермет Жумабекова, Диана Исхакова, Маншук Токсонбаева, Адилет Нурбек уулу (Кыргызстан).
"Сергей Рахманиновдун романстарын мыкты аткаргандыгы үчүн":
Нурмухаммед Есемуратов (Өзбекстан).
"Романсиада сулуусу":
Маржона Ахадиллаева (Өзбекстан), Гаухар Темиргазиева (Кыргызстан).
"Кыргыз романсын мыкты аткаргандыгы үчүн":
Асел Чоңколоева (Кыргызстан).
КР эл артисти Марлен Темирбеков атындагы байге:
Бактурган Санжарбек уулу (Кыргызстан).
"Жогорку аккомпанементтик искусство үчүн":
Айбарчын Добулбекова.
Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбеков сынактын эң жаш катышуучусу — тогуз жаштагы Арсен Мухтарбековго сыйлык менен кошо белек тапшырды. Ал "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" сыйлыгына ээ болду.
© Sputnik / Владислав НогайSputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбеков сынактын эң жаш катышуучусу — тогуз жаштагы Арсен Мухтарбековго сыйлык менен кошо белек тапшырды.
Гала-концерт Среднеазиатской романсиды в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору Эркин Алымбеков сынактын эң жаш катышуучусу — тогуз жаштагы Арсен Мухтарбековго сыйлык менен кошо белек тапшырды.
Сынакты КР Маданият министрлиги, Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом), "Романсиада" кайрымдуулук фонду уюштурган. Колдоо көрсөткөндөр: "Чет жердеги орус мурасы" фонду жана Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры.
Конкурстун медиа өнөктөшү — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу.
Чет жердеги орус мурасы фондунун жетекчиси Елена Чернышкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2023
Чернышкова: Кыргызстанда орус тилине болгон кызыгуу жогору бойдон калууда
Жаңылыктар түрмөгү
0