Билим берүү министри болчу Догдуркүл Кендирбаева тууралуу эмне белгилүү

© Фото / пресс-служба МОиН КРДогдуркүл Кендирбаева
Догдуркүл Кендирбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Жазылуу
Догдуркүл Кендирбаева 1965-жылдын 25-июлунда туулган. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде сүйлөйт.
Билими:
1986-1991 — Кыргыз мамлекеттик университетинде Тарых жана коомдук илимдер мугалими адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Эмгек жолу:
1982-1985 — "Оргочор" асыл тукум чарбасында жумушчу;
1987-1997 — Жети-Өгүз районундагы Юрий Гагарин атындагы орто мектебинин тарых жана экономика мугалими;
1997-2001 — Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунда Облустук мектептерди башкаруу жана инвестиция тартуу лабораториясынын башчысы;
2001-2002 — Азия өнүктүрүү банкында "Коомчулук деңгээлинде балдарды эрте куракта өнүктүрүү" долбоорунун аймактык билим берүү боюнча облустук консультанты;
2002-2003 — Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча облустук институтунда лабораториянын башчысы;
2003-2004 — Жети-Өгүз райондук акиминин биринчи орун басары;
2004-2007 — Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси;
2007-2012 — Ысык-Көл облустук билим берүү институтунда облустук билим берүү уюмдарынын директору, координатору;
2012-2014 — Билим берүү жана илим министринин орун басары;
2014-2023 — "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунда аткаруучу директор;
2023, сентябрь — билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу.
Жаңылыктар түрмөгү
0