Бишкектин жашоочулары мэр, вице-мэрлерге кайсы күнү кире алат? График

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт
Бишкек мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2023
Жазылуу
Мэрдин беш орун басары бар. Шаар башчысы жана анын орун басарлары тургундарды кабыл алууга күнүнө эки сааттан убакыт бөлүшөт.
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы жетекчилик тургундарды күн сайын кабыл аларын эскертип, жашоочуларды кабыл алуунун графигин жарыялады.
Мэр Эмилбек Абдыкадыров — бейшемби, саат 15:00дөн 17:00гө чейин кабыл алат. Алдын ала жазылуу үчүн телефон номери: 0(312) 61-07-05;
Экономика жана каржы маселелери боюнча биринчи вице-мэр Мирлан Байгончоков — бейшемби, саат 14:00дөн 16:00гө чейин. Алдын ала жазылуу үчүн телефон номери: 0(312) 62-58-26;
Транспорт жана курулуш иштери боюнча вице-мэр Максатбек Сазыкулов — бейшемби, саат 14:00дөн 16:00гө чейин. Алдын ала жазылуу үчүн телефон номери: 0(312) 61-36-83;
Социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева — шаршемби, саат 14:00дөн 16:00гө чейин. Алдын ала жазылуу үчүн телефон номери: 0(312) 61-36-80;
Турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев — жума, саат 14:00дөн 16:00гө чейин. Алдын ала жазылуу үчүн телефон номери: 0(312) 61-36-80;
Муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча вице-мэр Нурдан Орунтаев — бейшемби, саат 14:00дөн 16:00гө чейин. Алдын ала жазылуу үчүн телефон номери: 0(312) 61-07-33;
Мэриянын аппарат жетекчиси Азиз Садырбеков — шаршемби, саат 14:00дөн 16:00гө чейин. Алдын ала жазылуу үчүн телефон номери: 0(312) 61-36-83.
Конкурска катышкан бала аянтчалардын бири - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2023
Бишкекте "Эң жакшы короо", "Эң жакшы квартал" сынагы өтүп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0