Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Аналитик: Россия менен Кытайдын ынтымакта болушу Борбор Азияга пайдалуу

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссия жана Кытай желектери. Архивдик сүрөт
Россия жана Кытай желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Жазылуу
Регион ири оюнчулардын геосаясий жана геоэкономикалык кызыкчылыктарынын кагылышы болгон борборлордун бирине айланышы мүмкүн.
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Россия менен Кытайдын ынтымакташуусу биздин аймакка пайдалуу. Бул туурасында аналитик Бактыбек Саипбаев айтты.
© Sputnik / Акбар АкжигитовАналитик Бактыбек Саипбаев
Круглый стол Итоги встречи президентов стран ЦА и ситуация в регионе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2023
Аналитик Бактыбек Саипбаев
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгы жана аймактагы кырдаал" деп аталган тегерек столго катышты. Иш-чарада башка геосаясий маселелер да талкууланды.
Аналитиктин айткандарынан кийин АКШ өзүнүн күчү менен индустриализация жүргүзө албаганын, инженердик корпус менен жумушчу күчтөр жетишпегенин аңдаса болот. Эксперт анын Түштүк-Чыгыш Азиянын "кичи ажыдаарлары" деп аталгандарга үмүт артарын, себеби алардын Кытайга мурдатан эле таасир эткен чөйрөсү бардыгын белгиледи. Ал жакта Кытай менен АКШнын экономикалык кызыкчылыктары кадимкидей кагылышат.
"Канчалык кызыктай сезилсе деле биз дагы ири оюнчулардын геосаясий жана геоэкономикалык кызыкчылыктарынын кагылышы болгон борборлордун бирине айланабыз. Эгерде Россия менен Кытай таптакыр эле ынтымакташып, достошуп кетсе, биздин аймакта эриш-аркакта кызматташа алышат — таасир эткен чөйрөлөрүн бөлүшүп же бири-бирин толукташат. Бул биз үчүн жакшы болмок", — деди аналитик.
Саипбаев эгерде андай болбой калса АКШ, Евробиримдик жана Улуу Британия "буга шымалана киришерин" белгиледи. Эксперт таасирин күчөтүүгө катуу аракет кылып жаткан Улуу Британиянын ролуна токтолгон.
"Лондондун бардык идеалдуу ой, пландарында Түштүк Кавказ жана Орто Азия алардын таасир кыла турган чөйрөсү. Улуу Британиянын чалгын агенттиктери күчтүү жана МИ-6 көбүнчө операцияларды уюштуруп тургандыктан бизде регионалдык чыр-чатактар чыгышы мүмкүн. Алар чындыгында эле чатактын отун тутантышы ыктымал. Арменияга байланышкан окуяны көрүп жатабыз, дал ушундай кырдаал бизде да жаралышы мүмкүн", — деп кошумчалады ал.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2023
Радио
Эксперт: алдыдагы 5-6 жылда локалдуу чыр-чатак көбөйүшү ыктымал
Жаңылыктар түрмөгү
0