27-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинБишкектеги Дайыр Асанов атындагы парк. Архив
Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы парк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Жазылуу
27-сентябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Талас аймагында +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл чөлкөмүндө +16...+21, Нарын жергесинде +17...+22 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +24...+26, Ош калаасында +26...+28 градуска жетет.
Газ плитасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2023
Бишкектин бир бөлүгүндө үч күнгө газ өчөт. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0