https://sputnik.kg/20230925/elektrosamokat-aydoo-erezhe-zhongo-saluu-1078878844.html
Электросамокат айдоо эрежесин жөнгө салуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты
Электросамокат айдоо эрежесин жөнгө салуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты
Sputnik Кыргызстан
Болжол менен Бишкек шаарында 30 миңдей самокат бар экени айтылат. 25.09.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-09-25T08:43+0600
2023-09-25T08:43+0600
2023-09-25T08:43+0600
кыргызстан
электросамокат
мыйзам долбоору
эреже
киргизүү
https://sputnik.kg/img/07e7/07/17/1077253933_0:114:2240:1374_1920x0_80_0_0_e8621073c5e0f0b86d32255f5529af3f.jpg
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Электросамокаттарды айдоо эрежесин киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.Ал документти депутат Марлен Маматалиев иштеп чыккан. Демилгенин максаты — электросамокаттар, самокаттар, гироскутерлер жана башка ушул сыяктуу түзүлмөлөрдү эксплуатациялоо менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу.Долбоордун маалыматтык негиздемесинде болжол менен Бишкек шаарында 30 миңдей самокат бар экени, саны күн сайын өсүп жатканы жазылган.Электросамокат айдагандар үчүн сунушталган эреже:Электросамокаттарды ижарага берүү пунктулары жергиликтүү бийликтин уруксаты менен атайын бөлүнгөн жерлерде ачылат. Ошондой эле бийлик учурдагы жолдордон жаңы жолдорду курууда жана оңдоодо электросамокаттар үчүн атайын тилке бөлүп берүүгө милдеттендирилет.
https://sputnik.kg/20230914/bishkek-toktogul-velozhol-1078616752.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/07/17/1077253933_129:0:2113:1488_1920x0_80_0_0_119001531ae10336f9580b93b21a27d2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, электросамокат, мыйзам долбоору, эреже, киргизүү
кыргызстан, электросамокат, мыйзам долбоору, эреже, киргизүү
Электросамокат айдоо эрежесин жөнгө салуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты
Болжол менен Бишкек шаарында 30 миңдей самокат бар экени айтылат.
БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Электросамокаттарды айдоо эрежесин киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.
Ал документти депутат Марлен Маматалиев иштеп чыккан. Демилгенин максаты — электросамокаттар, самокаттар, гироскутерлер жана башка ушул сыяктуу түзүлмөлөрдү эксплуатациялоо менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу.
Долбоордун маалыматтык негиздемесинде болжол менен Бишкек шаарында 30 миңдей самокат бар экени, саны күн сайын өсүп жатканы жазылган.
Электросамокат айдагандар үчүн сунушталган эреже:
атайын бөлүнгөн тилке/сызык боюнча, ал жок болгон учурда бараткан багыты боюнча жолдун оң чети менен жүрө алат;
караңгыда жолдон өтүүдө жана жүрүүдө же көрүүгө мүмкүн болбой калуучу башка шарттарда байкалбай калуу тобокелдигин азайтуу жана жол кырсыгын алдын алуу үчүн аларды жарык чагылдыруучу предметтер менен жабдууга милдеттендирүү;
ижарага берип иштегендер ижарачыларга жол эрежелерин сактоо боюнча инструктаж өтүүгө, самокатын талаптагыдай техникалык абалда сактоого милдеттүү;
эгер самокаттын техникалык абалынын начардыгы жол кырсыгына себеп болсо, анда жоопкерчилик ижарага берген тарапка жүктөлөт.
Электросамокаттарды ижарага берүү пунктулары жергиликтүү бийликтин уруксаты менен атайын бөлүнгөн жерлерде ачылат. Ошондой эле бийлик учурдагы жолдордон жаңы жолдорду курууда жана оңдоодо электросамокаттар үчүн атайын тилке бөлүп берүүгө милдеттендирилет.