24-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Кристина Кормилицына / Медиабанкка өтүүПаркта эс алган кыз. Архивдик сүрөт
Паркта эс алган кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2023
Жазылуу
24-сентябрда түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жекшембиде күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ал эми түнкүсүн республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы Чүйдө +19…+24, Талас жеринде +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +21…+26, Ысык-Көл чөлкөмүндө +10…+15, Нарын облусунда +11…+16 градустун тегерегинде болот.
Термометр Бишкекте +21…+23, Ош калаасында +22…+24 градусту көрсөтөт.
Бишкекте суук түшкөндө кол чатыр кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Катуу суук түшөбү? Октябрга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0