ӨКМ Соң-Көл, Ак-Сай, Арпадагы малчылардан кабар алуу үчүн жөнөп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековМалчы. Архивдик сүрөт
Малчы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2023
Жазылуу
Нарын шаарында, Нарын районунун аймагында жана Ат-Башы районунда кар аралашкан жаан жаап басылды.
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. ӨКМ кызматкерлери аба ырайынын бузулушунан улам Соң-Көл, Ак-Сай, Арпа жайлоолорундагы малчылардан кабар алуу үчүн жөнөп кеткенин президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Учурда ашууларга кар жаап жатат. Долон ашуусунда кум-шагыл себилүүдө, грейдер, самосвал, Howo менен жол тазаланып жатканы айтылды. Нарын шаарында, Нарын районунун аймагында жана Ат-Башы районунда кар аралашкан жаан басылды.
"Башка ашуулардагы абал жана Соң-Көл, Ак-Сай, Арпа сыяктуу алыскы жайлоолордогу малчыларга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жиберилип, тактоо иштери жүрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Өкүлчүлүк мүмкүн болсо аба ырайы турукташкыча алыскы жолго чыкпай турууну эскертти.
Чолпон-Атадагы селдин кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2023
Чолпон-Атада сел жүрдү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0