Эртеңки жарым марафондон улам Бишкектин негизги көчөлөрү жабылат. Карта

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги жарым марафондун катышуучулары. Архив
Бишкектеги жарым марафондун катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Жазылуу
Саат 7:20дан кийин бошогон көчөлөр четинен ачыла баштайт.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жекшембиде ак илбирсти сактоого багытталган Snow Leopard Run эл аралык жарым марафонго байланыштуу эртең менен Бишкектин негизги көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 6:00дөн 11:00гө чейин жолдор тосулат. Бирок бир учурда баары жабылып калбайт, 7:20дан кийин бошогон көчөлөр четинен ачыла берет.
© Фото / Бюро коммуникаций ТАГСКарта забега Snow Leopard Run в Бишкеке
Карта забега Snow Leopard Run в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Жабыла турган көчөлөр:
Чүй проспектиси — Манастан Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Абдрахманов көчөсү — Чүйдөн Иманалиевге чейин;
Иманалиев көчөсү — Абдрахмановдон Айтматов проспектисине чейин;
Масалиев көчөсү — Абдрахмановдон Айтматов проспектисине чейин;
Айтматов проспектиси — Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Аталган жарышта 5000ге чукул жөө күлүк 1, 5, 14 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркайт. Ошондой эле жаш балдардын чуркоосу да пландалган. Старт жана финиш "Ала-Тоо" аянтында жайгашкан. Жарым марафонго түшкөн каражаттын бир бөлүгү кайрымдуулукка жумшалат.
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен беттеште. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Шевченконун беттешин түз эфирде каяктан көрсө болот? Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0