17-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте жамгыр жааган учурда Эркиндик бульварында бараткан автоунаа
Бишкекте жамгыр жааган учурда Эркиндик бульварында бараткан автоунаа  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Жазылуу
17-сентябрга караган түнү Ысык-Көлдө жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот.
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21...+26, Талас жергесинде +19...+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүндө +20...+25 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +24...+26, Ош калаасында +29...+31 градуска жетет.
Кыргызстандык ырчы Россиядагы конкурста жарым финалга чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2023
Кыргызстандык ырчы Россиядагы конкурста жарым финалга чыкты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0