Россия менен Түндүк Кореянын кызматташтыгы. Алдыда эмне күтөт?

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын "Восточный" космодромунда
Россиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Восточный космодромунда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин жана Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын "Восточный" космодромунда эки мамлекеттин өз ара аракеттешүүсүнө өбөлгө болчу иштерди башташты. Анын ичинде аскердик-техникалык кызматташтыкка басым жасалды.
Ыраакы Чыгыштагы саммит Батышты саясий дүрбөлөңгө салганын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар автор макаласында аталган эки мамлекеттин кызматташтыгына сереп салган.
Апта ортосунда, тагыраак, 13-сентябрда Ким Чен Ын менен "Восточный" космодромунда узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң РФ лидери Владимир Путин журналисттерге Россия менен Корея Элдик Демократиялык Республикасынын илимий-экономикалык өз ара аракет этүүнүн негизги багыттары, БУУнун чектөөлөрүнөн улам түзөтүүлөр эске алынган аскердик-техникалык кызматташтыгы туурасында кеңири айтып берди.
Атап айтканда, Россия түндүк кореялык космостук спутниктердин курулушуна кол кабыш кылат. КЭДР ракеталык технологияларга абдан кызыгууда. Владимир Путиндин айтымында, транспорт, айыл чарба тармагында "көптөгөн кызыктуу долбоорлор" бар, анткен менен аскердик-техникалык өз ара аракеттешүүгө басым жасалганы байкалбай койбойт.
Түндүк Корея лидери Комсомольск-на-Амуре аймагындагы коргоо-өнөр жай ишканаларын кыдырып, таанышып чыкты. Аны жогорку аскер аткаминерлери, Коргоо-өнөр жай комплексинин башчылары, атап айтканда, Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин аскер башкармалыгынын башчысы Пак Чон Чхон, Борбордук аскер комитетинин башчысынын орун басары Ли Бён Чхоль коштоп жүрөт. Мурда Пхеньянда да РФ коргоо министри Сергей Шойгу КЭДР курал-жарагынын эң соңку үлгүлөрүн көрүп чыккан.
Ким Чен Ын Украинадагы россиялык атайын аскердик операцияны колдоп, буга өз салымын кошууга даяр. Батыш Россия менен Түндүк Кореянын аскердик багытта кызматташуусунан катуу чочулап туру.
Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча, Пхеньян 2023-жылы чалгындоочу спутникти учурууда эки ирет ийгиликке жете алган жок. Ушул жаатта да Москва жардамдаша алары бышык. Ошондой эле аталган портал Ким Чен Ындын космостон атмосферага кириштеги ракеталык октордун ысып кетишине жол бербей турган технологияларга кызыгат.
Корея Элдик Демократиялык Республикасы эл аралык катаал санкцияларга карабастан өзүнүн өзөктүк курал жана аны ташуу каражаттарын иштеп чыккан. Түндүк Корея армиясы миңдеген заманбап дрон, өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүш, залптык октун реактивдүү тутуму, тактикалык ракеталардын эбегейсиз арсеналы, реактивдүү дүрмөт жана советтик калибрдеги артиллериялык ок-дары (атайын аскердик операция аймагында булар россиялык армиянын керегине жарамак) менен куралданган.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын РФ лидери Владимир Путин менен болгон жолугушууда  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2023
Ким Чен Ын: Түндүк Корея империализмге каршы турууда дайым Россия менен болот

Кымгуут түшкөн АКШ менен НАТО

РФ менен КЭДРдин аскердик-техникалык кызматташтыгына жол берилбестиги жөнүндөгү америкалык жана британиялык эскертүүлөрдүн шашылыш берилиши Батыштын канчалык чочулаганын айгинелейт.
Натолук эксперттер Россия Түндүк Кореяга атомдук субмариналарды куруу технологияларын берип, ал эми Пхеньян РФ Куралдуу күчтөрүнө ыктыярчыларды, курал жана ок-дары жөнөтөрүнөн кооптонушат. "Эгер Түндүк Корея Россияны аскердик жабдуулар менен камсыздай баштаса, НАТО өлкөлөрү Украинаны ушул кезге чейин жабдыган көлөмдөн эки эсе ашып түшөт", – дешет.
Ал эми атайын аскердик операция аймагында ыктыярчылар мүмкүн эместей көрүнөт, анткен менен Пхеньяндын аскердик дарамети эбегейсиз. Саны боюнча КЭДР армиясы дүйнөдө 4-орунда. Азыркы тапта 1,2 млн аскер кызматкери бар. Адистердин даярдыгынан шек санап да болбойт.
The Military Balance 2023 маалымат топтомосундагы маалыматтарга таянсак, Түндүк Кореянын арсеналында 100дөн ашык континенттер аралык баллистикалык ракета, 30 чакты орточо аралыктагы жана 60 чакан аралыктагы баллистикалык ракета бар. Мындан сырткары, 4000дин тегегегинде танк, он миңдеген ок өткөрбөс техника бирдиги жана артиллериясы бар. Залптык октун реактивдүү тутумдары да жарандык автотехника сымал жасалып, байкалбайт. Мындай курал украиналык согуштук аракеттер театрында кыйла чоң роль ойномок. Эске салсак, америкалыктар мурдараак Украинага Түштүк Кореядан жүз миңдеген артиллериялык дүрмөттү тымызын жеткирген.
Батыш канчалык бул көрүнүштөрдү терс багытка буруп жаманатты кылууга тырышпасын, Россия КЭДР менен мүмкүн болгон бардык багыттарда кызматташууну өрчүтүүгө ниеттенет. Түндүк Корея лидеринин Россияга келиши кызматташтыктын жаңы доорун ачып, Европа менен Азиядагы күчтөрдүн балансын өзгөртөт.
РФ президенти Владимир Путин Ким Чен Ындын өз мамлекетине чакыруусун да кабыл алды. Мындан тышкары, 13-сентябрда Россия менен Кытай Корея Элдик Демократиялык Республикасына каршы жаңы санкциялардын киргизилишине жол бербей турганын билдиришти. Ошентип, ушул күнү АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бир полярдык дүйнө түзүмүнүн күнү бүткөнүн моюнга алды.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Россия лидери Владимир Путин Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Песков Путин менен Ким Чен Ын бири-бирине кандай белек бергенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0