Евразия экономикалык биримдигинде товар жүгүртүү көлөмү өсүүдө

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүТрассадагы жүк ташуучу унаалар. Архив
Трассадагы жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү товар жүгүртүү көлөмү өсүүдө. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын расмий өкүлү Ия Малкина брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара товар жүгүртүүсү 13 пайызга өскөн. Өлкөлөр боюнча алсак, Армения ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортту дээрлик 3 эсеге, Казакстан 37 пайызга көбөйткөн. Ал эми Кыргызстандан ЕАЭБ рыногуна болгон экспорттун көлөмү өткөн жылдын деңгээлинде (+0,4 пайыз) калды.
ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсүндөгү үлүшү бир жыл ичинде 13 пайыздан 18 пайызга чейин өстү.
Линия по производству саморезов в цехе крепежных изделий на предприятии. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2023
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
Жаңылыктар түрмөгү
0