Садыр Жапаров: Кыргызстан Афганстан менен коңшулук мамилени өнүктүрүүгө даяр

© AFP / MARTY MELVILLEАфганстандын малекеттик желеги. Архив
Афганстандын малекеттик желеги. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Жазылуу
Регионалдык коопсуздукка биргелешип чара көрүүгө токтолгон президент Кыргызстан үчүн Афганстандагы тынчтык аймактык коопсуздук системасындагы артыкчылыктуу шарттардын бири экенин айтты.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстан Афганстандын тынч жана туруктуу болушуна абдан кызыкдар жана бул өлкө менен ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө даяр. Мындай билдирүүнү президент Садыр Жапаров Тажикстанда өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын V консультативдик жолугушуусунда сүйлөп жатып айтканын анын маалымат кызматы билдирди.
Регионалдык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына биргелешип чара көрүү маселесине токтолуп, Жапаров Кыргызстан үчүн Афганстандагы тынчтык жана туруктуулук регионалдык коопсуздук системасындагы артыкчылыктуу шарттардын бири экенин белгиледи. Бул өлкөдө жана анын айланасында болуп жаткан окуялар региондогу кырдаалга түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.
"Кыргызстан Афганстандын тынч жана туруктуу болушуна абдан кызыкдар жана бул өлкө менен ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө даяр. Ошону менен бирге, Афганстандын ички иштерине кийлигишпөө принцибине берилгендигин белгилөө менен афган элинин тарыхый тажрыйбасынын, маданиятынын, салттарынын жана улуттук өзгөчөлүгүнүн негизинде өз өлкөсүнүн келечегин аныктоого болгон укугун сыйлайт", — деген Жапаров.
Президент Кыргызстан афган күн тартибиндеги негизги маселелер боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп, эл аралык жана аймактык уюмдардын афган багытындагы долбоорлорун, программаларын ишке ашырууга, бул өлкөдөгү кырдаалды тез арада жөнгө салууга багытталган диалог аянтчаларынын ишине активдүү катышып жатканын белгилеген.
Мамлекет башчы Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунучтардын башка спектрин Сириядагы кырдаал түзүп, анда эл аралык террордук түзүмдөрдүн катарында Борбор Азия өлкөлөрүнөн баргандар да катышып, алар өздөрүнүн согуштук тажрыйбасын өркүндөтүп, мекендештерин аралыктан жалдоону улантып жатканын өзгөчө белгилеген.
Жапаров Кыргызстан Афганстан менен Сирияда тынчтыкка, бейпилдикке жана туруктуулукка жетишүүгө багытталган бардык эл аралык демилгелерди колдооруна токтолгон.
Кыргыз тарап региондогу коопсуздукту камсыз кылуу, террорчулук, экстремизм, транс чек аралык кылмыштуулук, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана киберкылмыштуулук сыяктуу заманбап коркунучтарга каршы иш алып барууда кызматташтыкты кеңейтүүнү маанилүү деп эсептээрин белгилеген.
"Жамааттык маалыматтык коопсуздук тутумун өнүктүрүү, камсыз кылуу жана киберкоркунучтарга биргелешип каршы туруу, интернет мейкиндигин, социалдык тармактарды эл аралык террордук, диний-экстремисттик жана башка душмандык уюмдардын пайдалануусуна жол бербөө боюнча күч-аракеттерди күчөтүү өтө маанилүү. Ушул контекстте Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештери жана компетенттүү органдарынын линиясы боюнча тыгыз кызматташуусу маанилүү деп эсептейбиз. Компетенттүү органдар Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагына эл аралык-террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн киришине жол бербөөгө өзгөчө көңүл буруу менен өз ара кызматташуусун улантуусу зарыл", — деген Жапаров.
Президент Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2023
Садыр Жапаров: Кыргызстан ЖККУнун ролун жана беделин жогорулатууга кызыкдар
Жаңылыктар түрмөгү
0