Байге фонду бир миллион сом. Комузчуларга сынак жарыяланды

Комузчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Жазылуу
Иш-чара Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына карата өтөт.
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги комузчулар арасында республикалык сынак жарыялады. Иш-чара залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналат.
Сынактын максаты — Карамолдо Орозовдун күүчүлүк чыгармачылыгын, аткаруучулук чеберчилигиндеги кайрыктарын, күүлөрүндөгү философиялык маанисин, өзгөчө ыргактарын жана ыкмаларын келечек муунга жайылтуу, улуттук нарк, улуттук өнөр, салттуу музыканы сактоо жана жаштар арасында комуз өнөрчүлүгүн тереңдетүү, комузчулардын чыгармачылыгын жогорулатуу.
Сынактын талаптары:
чыгарманын тактыгы, Карамолдо Орозовдун аткаруусундагы түп нускасын бузбоо;
аткаруучулук чеберчилиги, сахнада өзүн алып жүрүү маданияты жана профессионалдуулугу;
күү баянын айтуудагы көркөмдүүлүгү, күүнүн мазмунун, маанисин ачып берүү;
кыргыздын улуттук же этнокийими менен аткаруусу.
"Сынак эки этаптан турат. Биринчиси — тандоо туру. Ал 29-сентябрда саат 10:00дө өлкөнүн жети облусунда өтөт. Экинчи туру 3-октябрь күнү саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук консерваториянын чоң залында болот. Кароо-сынактын жыйынтыгы жана концерт 5-октябрь күнү Ысык-Көл районунун Корумду айылында уюштурулат", — дешти министрликтен.
Маалыматта белгиленгендей, байге фонду бир миллион сом. Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт.
Байланыш номерлери: 0700075274, 0558 20 06 17, 0553204305, 0709385432.
Айтышка катышкан акындар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2023
Жапаров комузчуларды калктын нагыз руханий байлыгын алып жүрүүчүлөр деп атады
Жаңылыктар түрмөгү
0