Өлкөдө 3,2 млрд. кВт/с электр энергиясы тартыш. Маселе кандай чечилет?

© AFP / THOMAS SHEAЭлектр линиялары. Архив
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Жазылуу
ГЭСтерде 14,2 миллиард, ТЭЦте 1,9 миллиард киловатт-саат электр кубаты иштелип чыгары айтылды.
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Импорттун эсебинен электр энергиясынын тартыштыгы жабылат, ал тургай резерв түзүлөт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйында айтты.
Электр кубатын өндүрүү боюнча негизги учурлар:
ГЭСтерде 14,2 миллиард, ТЭЦте 1,9 миллиард киловатт-саат электр кубаты иштелип чыкмакчы;
өлкөдө пайдалануу көлөмү 17,4 миллиард киловатт-сааттын тегерегинде;
дефицит 3,2 миллиард киловатт-саатты түзөт, импорттун эсебинен 3,8 миллиард көлөмдөгүсү келет. Андан сырткары 600 миллион запас болот.
Электр кубатын кайдан алабыз?
Түркмөнстандан 1,6 миллиард киловатт-саат алуу боюнча келишимге кол коюлду, сентябрдан тарта Өзбекстан аркылуу келе баштайт;
16-августта Астанада үч мамлекеттин — Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын суу тармагындагылар жана энергетиктердин жыйыны өткөн. Анда Казакстан 1,5 миллиард бере турганы боюнча сүйлөшүү болгон;
Россия менен дагы кошумча 400 миллион кВт/с (ал мурда 800 миллион деп айтылганын эске салды) электр кубатын алуу боюнча келишим бар;
Өзбекстандын түркмөн электр кубатынын транзитинен сырткары дагы 250 миллион киловатт-саат берери айтылды.
Эске салсак, буга чейин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров быйыл кышта электр энергиясы дефицит болорун эскертип, азыртадан электр энергиясын үнөмдөөгө өтүү туурасында айткан.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Энергетика министри: кышында "жөнгө салуу иш-чаралары" жүрүшү мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0