12-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архивдик сүрөт
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. 12-сентябрь, шейшембиде, күндүз айрым жерлерде күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +25...+30, Ысык-Көлдө +18...+23, Нарын облусунда +21...+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +20...+22, Ош шаарында +28...+30 градус болору болжолдонду.
Жылыткыч. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Кышында үйдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынабы? Расмий жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0