Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

"Кыргызстан — Россия: жалпы маданий мурас" фестивалы башталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовРоссиянын Бишкек шаарындагы илим жана маданият борборунун (Русский дом) жетекчиси Альберт Зульхарнеев
Россиянын Бишкек шаарындагы илим жана маданият борборунун (Русский дом) жетекчиси Альберт Зульхарнеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Жазылуу
Россиянын Бишкек шаарындагы илим жана маданият борбору фестивалдын алкагында 12 иш-чара өтөрүн белгиледи.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бүгүн "Кыргызстан — Россия: жалпы маданий мурас" фестивалы башталып, анын алкагында концерт, көргөзмө сыяктуу 12 иш-чара пландалганын "Чет жердеги орус мурасы" фондунун жетекчиси Елена Чернышкова айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан. Кыргызстанда 8-16-сентябрь күндөрү "Кыргызстан — Россия: жалпы маданий мурас" фестивалы өтөт. Максаты — эки өлкөнү бириктирген руханий жана материалдык мурастар, маданияттардын диалогу тууралуу баяндоо. Анын алкагында лекциялар, коомдук талкуулар, концерттер, көргөзмөлөр мерчемделген.
Бүгүн Сергей Рахманиновдун романстарына арналган концерт тартууланат, бул үчүн Москвадан өнөрпоздор келген. Мындан тышкары, Иван Буниндин чыгармаларынын негизинде "Темная аллея" пьесасына күбө болууга болот. Ал эми фестивалдын соңунда кыргыз-орус сөздүгүн түзөн Константин Юдахиндин элеси түшүрүлгөн мурал ачылмакчы.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Чет жердеги орус мурасы" фондунун жетекчиси Елена Чернышкова
Руководитель Фонда наследия русского зарубежья Елена Чернышкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
"Чет жердеги орус мурасы" фондунун жетекчиси Елена Чернышкова
"Биз фестивалдын алкагында Кыргызстан илим жана маданият жаатында россиялык ишмерлерди кантип шыктандырганын айтып бергибиз келет. Тыгыз кызматташкан кыргыз ишмерлери тууралуу кенен баян болот", — деди Чернышкова.
Россиянын Бишкек шаарындагы илим жана маданият борборунун (Русский дом) жетекчиси Альберт Зульхарнеев да фестиваль тууралуу маалымат берди.
"Бишкектиктерди жагымдуу апта күтүп жатат. Кара-Балтада жаш өнөрпоздордун гала-концертин даярдап жатабыз. Мындан тышкары, Кыргызстанда бир топ белгилүү болгон адабиятчы, акын жана котормочу Михаил Синельниковдун лекциялары өтөт", — деди ал.
Зульхарнеев кылымдардан бери эриш-аркак жашаган эки элдин уникалдуу маданияты пайда болгонун белгиледи.
Бүгүн Бөкөнбаев менен Чуйков көчөлөрүнүн ортосунда Чыңгыз Айтматов, Мар Байжиев, Ольга Мануйлова сыяктуу жалпы маданияттын 30 өкүлүнө арналган сүрөт көргөзмө ачылат.
Чернышкованын айтымында, фестивалдын программасы менен "Чет жердеги орус мурасы" фондунун сайтынан таанышууга болот. Баарына кирүү акысыз, айрымдарына каттоо талап кылынат. Мындан тышкары, сайттарга иш-чаралардын видеосу жайгаштырылары айтылды.
Ошто Россия-Кыргызстан достук аллеясы ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Ошто Россия-Кыргызстан достук аллеясы ачылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0