Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина үчүнчү дүйнөлүк согуш башталганын айтты. Захарованын жообу

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архивдик сүрөт
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Жазылуу
Буга чейин Украинанын Коргонуу жана улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов эгер кимдир бирөө учурдагы абалды Россия менен Украинанын ортосундагы чыр деп эсептесе жаңылышарын, маселе андан оор экенин айткан.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Украинанын Коргонуу жана улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Даниловдун билдирүүсү Киевге алар Батыштын глобалдык саясатынын куралы экенин түшүнгөнүнөн кабар берет. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Украинанын Коргонуу жана улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов үчүнчү дүйнөлүк согуш башталды деп эсептей турганын айткан.
"Биздин жарандардын көшөрүүсү Украина НАТОнун мүчөсү болушу керектигин далилдеп жатат. Биз альянсты бекемдейбиз. Дүйнөдө башталган окуялар бүтпөйт. Эгер кимдир бирөө үчүнчү дүйнөлүк согуш баштала элек деп ойлоп жатса терең жаңылышат. Согуш эбак башталган, гибриддик мезгилден өтүп, активдүү фазага кирди. Эгер кимдир бирөө бул Россия менен Украинанын ортосундагы чыр деп эсептесе жаңылышат, маселе андан оор", — деди Данилов Киевдеги коопсуздук форумунда.
Захарова анын кебине комментарий берди.
"Акыры жетиптир да. Бул Россия менен Украинанын ортосундагы чыр эмес экенин эми түшүнүштү окшойт. Мында Батыш дүйнөнү колониалдык көз карандылыкка кайтарып, өз жыргалчылыгы үчүн ээлик кылып жүргөн дүйнөлүк ресурстарын сактап калууга далалат кылганы көрүнүп эле турбайбы. Аларга курал болуп жатканы буларга жеттиби? Оюм боюнча, жетти. Ошондуктан чуу түшүп жатат", — деп Захарова телеграм-каналына жазды.
Буга чейин РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев НАТОнун Киев режимине аскердик колдоону күчөтүү боюнча ниети туңгуюкка кептеп, үчүнчү дүйнөлүк согушту жакындатарын айткан.
Киши НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
АКШ Россиянын НАТО менен болгон согушта эмнеге ээ болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0