Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн жагууга чектөө кирди

© AFP / MOHAMMED ABEDКолунда көмүр кармап турган адам. Архив
Колунда көмүр кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине "Кыргыз көмүр" ишканасы билдирди.
Учурда базаларда негизинен Казакстандын көмүрү сатылууда. Чечим ыш менен күрөшүү үчүн кабыл алынды. Кара-Кечедеги көмүрдүн зыяндуулугу жогору деп эсептелинет. Бийлик Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга тыюу салуу менен борбор калаадагы экологиялык абалды жакшыртса болот деп ниет кылышууда.
Буга чейин Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Кара-Кеченин көмүрүн колдонууга чектөө киргизүү боюнча маселе дээрлик чечилип калганын айткан.
Курпсай ГЭСинин курулушу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Советтик илимпоздор Кыргызстанда 60 ири ГЭС курса болорун айткан. Энергетикадагы алака
Жаңылыктар түрмөгү
0