Кыргыз-казак чек арасына ЕЭКтин өкүлдөрү келип, бийлик дооматтарын айтты

© Фото / пресс-служба Министерства экономики и коммерции КРКыргыз-казак чек арасына ЕЭКтин өкүлдөрү келип, бийлик дооматтарын айтты
Кыргыз-казак чек арасына ЕЭКтин өкүлдөрү келип, бийлик дооматтарын айтты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Жазылуу
Казак тартап ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун негизги принцибин бузуп жатканы белгиленди.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Казакстан ЕАЭБ алкагында товарлардын эркин жүрүүсүн чектеп жатат. Бул туурасында Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Кыргызстандын демилгеси менен ЕЭК жана КР бийлик өкүлдөрү бүгүн кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" пунктуна барышкан. Комиссиянын делегациясын ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жетектеп келген.
© Фото / пресс-служба Министерства экономики и коммерции КР

Кыргызстандын демилгеси менен ЕЭК жана КР бийлик өкүлдөрү бүгүн кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" пунктуна барышкан

Кыргызстандын демилгеси менен ЕЭК жана КР бийлик өкүлдөрү бүгүн кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" пунктуна барышкан - Sputnik Кыргызстан
1/2

Кыргызстандын демилгеси менен ЕЭК жана КР бийлик өкүлдөрү бүгүн кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" пунктуна барышкан

© Фото / пресс-служба Министерства экономики и коммерции КР

Комиссиянын делегациясын ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жетектеп келген

Комиссиянын делегациясын ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жетектеп келген - Sputnik Кыргызстан
2/2

Комиссиянын делегациясын ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жетектеп келген

1/2

Кыргызстандын демилгеси менен ЕЭК жана КР бийлик өкүлдөрү бүгүн кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" пунктуна барышкан

2/2

Комиссиянын делегациясын ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жетектеп келген

Анда экономика министрлиги төмөнкүдөй дооматтарын айткан:
"Кең-Булуң", "Ак-Тилек" жана "Чалдыбар" чек ара пунктуларында абал чыңалууда. Казак тарап текшерүү иштерин катаалдатып, жүк ташуучу унаалардын өтүшүн кечеңдетүүдө;
Казакстан ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун негизги принциби болгон товарлардын эркин жүрүү эрежесин бузуп жатат;
Мындай кырдаал системалуу мүнөзгө ээ, казак тарап жүк ташуучу унаалардын өтүүсүн жайлатуу үчүн ар кандай себептерди ойлоп табууда;
Мунун баары Кыргызстандын тышкы экономикасына терс таасирин тийгизүүдө. Биздин ишкерлер чоң жоготууларга учурап жатат, өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерин аткара албай калууда. Өтө албай турган жүктүн арасында тез бузулуучу азыктар да бар, аларды өз убагында жеткирбөө чоң финансылык жоготууларга алып келет;
Казакстан 20-августтан тартып эч кандай расмий билдирүүсүз эле чектөө киргизип койду. Анын кесепетинен учурда чек аранын кыргыз тарабында 500гө чукул транспорт кезекте турат.
Ак-Тилек көзөмөл өткөрүү жайында жүк ташуучу унаалар кезекте турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Казакстан менен болгон чек арада топтолгон фуралардын саны азайды
Жаңылыктар түрмөгү
0