Беларуста өтчү ЖККУнун машыгуусуна Кыргызстан да катышат

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЖККУнун аскердик машыгуулары. Архивдик сүрөт
ЖККУнун аскердик машыгуулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Жазылуу
25-августта Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин аскерлери келип түшө баштайт.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. 1-6-сентябрь аралыгында Баларуста "Боевое братство-2023" деп аталган биргелешкен ыкчам-стратегиялык аскердик машыгуу өтөрүн аталган өлкөнүн Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Аскердик бул иш-чара Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун аскердик күчтөрүнүн ар кыл бөлүктөрүн бириктирет:
ЖККУнун Тез арада аракетке келүүчү Жамааттык күчтөрүнүн "Взаимодействие-2023" деп аталган биргелешкен машыгуусу. Алар Чыгыш Европа аймагындагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу үчүн күчтү жана каражатты колдонуу боюнча тапшырмаларды аткаруу ыкмаларын иштеп чыгат;
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн чалгын каражаттары жана күчтөрү менен "Поиск-2023" атайын машыгуусун өткөрүү;
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскерлеринин (жамааттык күчтөрүнүн) материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары менен "Эшелон-2023" атайын машыгуусун өткөрүү;
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин радиациялык, химиялык, биологиялык коргоону жана медициналык камсыздоо боюнча түзүмдөрү менен биргелешип "Барьер-2023" машыгуусун өткөрүү.
"Машыгууга катыша турган аскердик контингенттер эртеңден тарта Беларуста жайгашып, орун ала баштайт", — деп билдирген маалымат кызматы.
Кыргызстандан аталган машыгууга 80ге чукул аскер катыша турганы айтылды.
Тактико-специальные учения Эрдик с подразделениями специальных назначений Вооруженных Сил КР и РК - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Ысык-Көлдө кыргыз-казак аскерлери машыгуу өткөрүүдө. Жеринен тартылган 14 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0