21-августта Бишкектин айрым бөлүктөрүндө электр кубаты өчүрүлөт. Даректер

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүШам. Архивдик сүрөт
Шам. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Жазылуу
Энергетиктер жабдууларды оңдоп-түзөө, трансформаторлорду сырдоо, электр зымдарын тартуу жана башка жумуштарды аткарууну пландашкан.
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. "Бишкек электр тармактары" ишканасы 21-августта борбор калаанын айрым райондорунда электр кубаты өчүрүлөрүн маалымдады.
Анда жабдууларды оңдоп-түзөө, трансформаторлорду сырдоо, электр зымдарын тартуу жана башка жумуштар пландалган.
Бишкектин электр кубаты убактылуу өчүрүлө турган бөлүктөрү жана убактылары:
09:00дөн 14:00гө чейин — Гагарин, Чукотка, Матыев, Леваневский, Островский көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
09:00дөн 16:00гө чейин — Нурек, Наманган, Севан көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
09:00дөн 17:00гө чейин — Орозбеков көчөсүндөгү № 26 үйдө, Ак-Ордо конушунда, Пенза, Ужгород, Челябинск, Измайлов, Ижевск, Дархан, Тихвинск чолок көчөлөрүндө, Ленская, Кызыл-Аскер, Месарош, Фучик, Кронштадт, Профсоюз, Нарвская, Кайназарова, Волков, Жаштык, Троицк, Можайск, Махатма Ганди, Боталиев, Кызыл-Кыя, Түлөбердиев, Васильев, Витебская көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
09:00дөн 17:00гө чейин — 5-кичи райондогу № 42 үйдө, Кара-Жыгач калктуу конушунда;
09:00дөн 17:00гө чейин — Ахунбаев, Душанбе, Таш-Көмүр, Токтоналиев көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
09:00дөн 18:30га чейин — Гоголь, Огонбаев, Сүйүмбаев, Фрунзе, Киров, Осмонкул, Герцен көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө электр энергиясы болбойт.
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Кыргызстан Россиядан эки эсе көп электр энергия сатып алууну пландап жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0