Бишкекте автобус, троллейбус айдаганга 1 500 айдоочу керек. Мэрия маянасын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги автобустар. Архивдик сүрөт
Бишкектеги автобустар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2023
Жазылуу
Эгер айдоочулук күбөлүгүндө D категориясы жок болсо, муниципалитет өзү акысыз окутат.
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы автобус, троллейбустарга 1 500 айдоочу издеп жатат.
Бул жумушка 21ден 60 жашка чейинки айдоочулук күбөлүгүндө D категориясы бар жарандар кабыл алынат. Эгер В, С категориясы гана болсо мэрия акысыз окутуп, D баскычына өткөрүп берет.
20-августтан тарта накталай эмес төлөмгө өткөндөн кийин айдоочулардын маянасы 50 миң сомду түзөрү белгиленди.
Байланыш номерлери: 0705 86-84-64, 0312 53-18-14; WhatsApp 0555 525 452.
Троллейбус паркы: 0(312) 657590, 0701 507 700.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургүл Исмаилова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Радио
Исмаилова: өлкөдө 12 миң 465 жумуш орду бош экени аныкталган
Жаңылыктар түрмөгү
0