Бийлик балдардын коопсуздугу үчүн тыюу салынган нормаларды бекитти. Тизме

© Photo / Pexels / Ksenia ChernayaТелевизор көрүп аткан кыз. Иллюстративдик сүрөт
Телевизор көрүп аткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Жазылуу
Мыйзам коопсуз маалыматтык чөйрөнү түзүү максатында кабыл алынган.
БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бийлик балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо үчүн тыюу салына турчу контентти бекитти. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам балдардын жана өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык, дене бой, психологиялык жана социалдык ден соолугун камсыз кылуу, сактоо жана чыңдоо үчүн коопсуз маалыматтык чөйрөнү түзүү максатында кабыл алынган.
Балдарга терс таасир этет деп тыюу салынган маалыматтарга төмөнкүлөр кирет:
балдардын өз өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратуучу, өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүүчү;
баңгизат, алкоголь жана спирт камтылган продукцияны, энергетикалык суусундуктарды колдонуу, кумар оюндарына катышуу, сойкулук, селсаяктык же тилемчилик кылууга азгыруу;
зомбулукка же мыкаачылыкка жол берүүнү негиздөөчү иш-аракеттерге түрткү берүүчү;
үй-бүлөлүк жана салттуу коомдук баалуулуктарын жокко чыгаруу, адаттан тыш сексуалдык мамилени пропагандалоо жана ата-энесин же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтабаган мамилени түзүүчү;
укукка каршы жүрүм-турумду актоочу;
уят сөздөрдү, порнографиялык мүнөздөгү материалдарды камтыган.
Сервердик бөлмөдө тармактык жабдуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
УКМК жакында интернетти ылгоо үчүн атайын технология колдонушу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0