Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эргешов: тазалык ыймандын бир бутагы болуп эсептелет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бакыт ордосу" үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси Акимжан Эргешов
Бакыт ордосу үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси Акимжан Эргешов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Жазылуу
"Бакыт ордосу" үй-бүлөнү чыңдоо академиясынын түзүүчүсү жана жетекчиси Акимжан Эргешов ислам дининде ыймандын 70тен ашуун бутагы болсо, тазалык анын бири катары бааланарын айтты.
Айрым адамдар мечитке барганда таза болсом жетиштүү деп ойлойт. Кээ бирлери аш-тойго барарда таза болуш керек деп түшүнөт. Башкалары бир жумада дене боюн жууп турса, айрымдары андан аз жуунууну кадимки көрүнүш катары кабыл алат. Бирок ислам дини адамдан суткасына беш ирет чайканып, тулку бойду таза алып жүрүүнү талап кылат. Кудайдын ыйык китебинде да "Жараткан тазаларды жакшы көрөт" деп айтылган. Биз бул жерде тазалыктын бардык түрү жана формасы тууралуу кеп болуп жатканын түшүнүшүбүз зарыл. Мындай пикирин Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эргешов: тазалык ыймандын бир бутагы болуп эсептелет
Анын айтымында, мусулманчылыкта коомдук жайды булгап же зыян келтирүү өтө адепсиз жосун катары сыпатталып, чоң күнөөлөрдүн катарына кирет.
"Мындан XIV кылым мурда келген ислам дининде да тазалык маселесине өтө катуу көңүл бурулган. Мухаммед пайгамбар элди динге үндөөдө аларды дене боюн жана жашаган жерин таза кармоого чакырган, муну диндин негизги талаптарынын бири катары сиңирген. Кыргыз элинин көчмөн жашоосунда да "күл дөбөгө бут койбо", "сөөк жаткан жерди баспа" жана башка ушул сыяктуу көптөгөн тыюулар менен иреттүүлүк, тазалыктын орду чоң экенин көрсөтүп келген. Өзөгүнөн табиятка аяр мамиле кылып, тазалыкты туу туткандыгы үчүн да кыргыз эли ислам динин жеңил кабыл алса керек. Исламда ыймандын 70тен ашуун бутагы болуп, анын эң жогорусунда келме турса, көчөдө жаткан ташты алып коюу да ушул ыймандын бутактарына кирет деп айтылат. Муну менен биз адам өзүн эле таза тутпастан, коомдук жайларга да көңүл буруп, булгагандын ордуна иреттеп таза кармоого салым кошуу шарт экенин билсек болот. Тилекке каршы, учурда коомубузда үйдөгүнү көчөгө алып чыгып ыргыткандарды көрүп калабыз. Кыш мезгилинде короосунан кар күрөп жолго ыргытып, күл, курулуш таштандыларын көчөгө төккөндөр бар же болбосо башка мезгилдерде деле шаардыктар таштанды ыргытчу урнага тигүү цехтеринин калдыктарын, башка акыр-чикирлерди ыргытып кеткендерди көрөбүз. Мына ошол мусулман замандаштарга пайгамбарыбыз Мухаммед "эгерде элдин каргышына калгың келбесе, үйдөгүнү көчөгө ыргытпа" деген насаатын эскертип койгум келет. Биз жолго таштанды ыргытпай, тескерисинче, аны тазалап койгон аң-сезимдүү коом болушубуз абзел", — деди Эргешов.
Ал коомго зыян келтирүү, нааразычылык жаратуу жасап жаткан жакшы иштердин берекесин качырарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0