Ошто түтүк түшүп эки адам мерт болгон кырсыктын чоо-жайы

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканада жатка адам. Архив
Ооруканада жатка адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Жазылуу
Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айылында суу түтүгү жүрүп бара жаткан унаанын үстүнө түшкөн.
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ош Облустук милициясы Кара-Суу районундагы унаа жолдо суу түтүгү жеңил машинанын үстүнө түшүп, эки адам мерт болгон окуянын чоо-жайын айтты. Кырсыктан үч адам жабыркаган, анын экөө балдар.
Билдирмеге ылайык, бүгүн саат 09:40тар чамасында айдоочу жүк ташуучу унаасы менен жолдун үстүнөн өткөн түтүктү сүзүп алып, ал кулап түшкөн. Айдоочу Алай районунун 47 жаштагы К.К. аттуу тургуну экендиги белгилүү болду.
"Суу түтүгү жүк ташуучу унаанын каршы тилкесинде келе жаткан Daewoo Nexia машинасынын үстүнө түшкөн. Анын кесепетинен автоунаанын алдында отурган эки адам ошол жерде мүрт кеткен. Автокөлүктүн арткы орундуктарында отурган үч киши жаракат алып ооруканага жеткирилди. Жабыркагандардын экөө балдар", — дешти ОИИББден.
Факт Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган. Облустук милиция каза болгондорго жана ооруканага жеткирилген жарандарга соттук-медициналык, соттук-автотехникалык, трасологиялык экспертизалар дайындалганын кошумчалады. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Жүргүнчүлөр автоунаанын фарасынын фонунда жолду өтүп бара жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Көлдө мас айдоочу коюп кеткен 22 жаштагы кыз каза болду. Кырсыктын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0