Кыргызстанда жаштардын курагы 7 жылга расмий узартылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин Ала-Тоо аянтында кыргыз желектерин көтөргөн жаштар. Архив
Бишкектин Ала-Тоо аянтында кыргыз желектерин көтөргөн жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2023
Жазылуу
Буга чейин өлкөдө 14төн 28 жашка чейинки жарандар жаш деп эсептелчү.
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Жаштар жөнүндө" мыйзамга кол коюп, анын негизинде Кыргызстандагы жаштардын курагы 35 жашка чейин көтөрүлдү.
Буга чейин өлкөдө 14төн 28 жашка чейинки жарандар жаш деп эсептелчү, жаңы мыйзам менен алардын курагы жети жылга узартылды. Мындан ары кыргызстандыктар 35ке чыкканга чейин "жаштар", "жаш үй-бүлө", "жаш ишкер" деп айтылат.
Аталган демилге парламентте каралып жатканда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин ошол кездеги орун басары Союзбек Надырбеков жаш куракты узартуунун себебин түшүндүргөн.
"Эгер таржымалын карасак, 2000-жылга чейин жаштардын курагы 35 жашка чейин болгон. Кийин 2009-жылы 28 жашка түшүп калган. Ошол кезде жаш үй-бүлөлөргө жөлөк пул каралчу. Анан бюджетке оор келип калгандыктан түшүрүлгөн экен. Экинчиси, ал кезде үй-бүлө кургандардын орточо курагы 22-23 жаш болгон. Азыр 27-28 жаш болуп кетүүдө. Андыктан жаш үй-бүлө катары жөлөк пул албай калышкан. Ошондуктан курагын көтөрүп жатабыз", — деп айткан Надырбеков.
Белгилей кетсек, Россияда жаштардын курагы 35 жашка чейин белгиленген. Быйыл жазда Казакстанда дагы 35ке көтөрүлдү. Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Арменияда 30 жашка чейинкилер жаш деп саналат.
Мындан тышкары, кабыл алынган мыйзамда бир топ активдүү, бирок мыйзамдык жактан жөнгө салынбаган жаштардын ыктыярчылык ишмердүүлүгүн иретке келтирүү каралган.
Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары да көрсөтүлгөн. Ага ылайык, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевге жарандуулукка, атуулдукка, салт улантуучулукка, тарыхый, улуттук жана башка салттарды урматтоого тарбиялоо милдети жүктөлөт.
Яндекс таксинин унаасы.Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Антимонополия кызматы "Яндекс таксиге" бир ай мөөнөт берди. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0