https://sputnik.kg/20230807/erdogan-putinge-ukraina-zhanzhal-ortomchu-1077611997.html
ЖМК: Эрдоган Путинге Украина боюнча ортомчу болууну сунуштайт
ЖМК: Эрдоган Путинге Украина боюнча ортомчу болууну сунуштайт
Sputnik Кыргызстан
Түрк лидери "согушта жеңген, тынчтык процессинде жеңилген тарап болбойт" деген позициясын айтат. 07.08.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-08-07T11:28+0600
2023-08-07T11:28+0600
2023-08-07T11:28+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
режеп тайип эрдоган
украина
жаңжал
ортомчу
сунуш
https://sputnik.kg/img/104604/48/1046044898_0:0:2988:1680_1920x0_80_0_0_c86f08e16531b37b6cc838c375fd7800.jpg
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган россиялык кесиптеши Владимир Путин менен пландалып жаткан жолугушууда жаңжалды жакынкы арада токтотуу үчүн Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантууну сунуштайт. Бул тууралуу РИА Новости түрк лидеринин администрациясындагы маалымат булактары билдиргенин жазды.Буга чейин Кремлде Путин менен Эрдоган жакынкы күндөрү кайсы жерде жана качан жолугушууну так аныктап алууга макулдашканы айтылган. Сүйлөшүүнүн күн тартибинде эки тараптуу мамилелер, Украина жана дан келишими турат.Анын айтымында, Анкара кагылышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү баштоону жактайт. Маалымат булагы Эрдоганды Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин чыныгы ишенимине кирген, региондо бейпилдикти орнотууга бар күчүн жумшап, алар менен байланышын үзбөгөн дүйнөдөгү жалгыз лидер деп атаган.
https://sputnik.kg/20230704/ukrainadagy-chatakty-chechuudogu-turkiyanyn-rolu-1076755095.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104604/48/1046044898_145:0:2809:1998_1920x0_80_0_0_80288d4ee08baeec02240330b9b9cb9f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, режеп тайип эрдоган, украина, жаңжал, ортомчу, сунуш
дүйнөдө, режеп тайип эрдоган, украина, жаңжал, ортомчу, сунуш
ЖМК: Эрдоган Путинге Украина боюнча ортомчу болууну сунуштайт
Түрк лидери "согушта жеңген, тынчтык процессинде жеңилген тарап болбойт" деген позициясын айтат.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган россиялык кесиптеши Владимир Путин менен пландалып жаткан жолугушууда жаңжалды жакынкы арада токтотуу үчүн Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантууну сунуштайт. Бул тууралуу
РИА Новости түрк лидеринин администрациясындагы маалымат булактары билдиргенин жазды.
Буга чейин Кремлде Путин менен Эрдоган жакынкы күндөрү кайсы жерде жана качан жолугушууну так аныктап алууга макулдашканы айтылган. Сүйлөшүүнүн күн тартибинде эки тараптуу мамилелер, Украина жана дан келишими турат.
"Президент мырза (Режеп Тайип Эрдоган) жаңжалды жөнгө салууга ортомчу болууну сунуштайт. Ал өзүнүн "согушта жеңген, тынчтык процессинде жеңилген тарап болбойт" деген тезисин кайрадан айтат", — деди маалымат булагы.
Анын айтымында, Анкара кагылышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү баштоону жактайт. Маалымат булагы Эрдоганды Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин чыныгы ишенимине кирген, региондо бейпилдикти орнотууга бар күчүн жумшап, алар менен байланышын үзбөгөн дүйнөдөгү жалгыз лидер деп атаган.