https://sputnik.kg/20230807/balany-kurstarga-kancha-zhashtan-kijin-bergen-durus-1077609419.html
Баланы курстарга канча жаштан кийин берген оң? Психологдун кеңеши
Баланы курстарга канча жаштан кийин берген оң? Психологдун кеңеши
Sputnik Кыргызстан
Психолог Шолпан Мамытова бүгүнкү күндө ата-энелердин көбү балдарын бала бакчага барып жаткан кезинен эле кошумча ийримдерге жаздырганы туура эмес экенин айтты. 07.08.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-08-07T10:25+0600
2023-08-07T10:25+0600
2023-08-07T10:25+0600
радио
коом
психология
ата-эне
курс
бала
ийрим
психолог
шолпан мамытова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/09/1072740737_0:162:3067:1887_1920x0_80_0_0_be5b6d2cf13b4ac761ecefffd25d4f2f.jpg.webp
Баланы курстарга канча жаштан кийин берген оң? Психологдун кеңеши
Sputnik Кыргызстан
Психолог Шолпан Мамытова бүгүнкү күндө ата-энелердин көбү балдарын бала бакчага барып жаткан кезинен эле кошумча ийримдерге жаздырганы туура эмес экенин айтты.
Балага 1-классты аяктамайынча эч кандай курстун кереги жок экенин Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, бала ойной турган маалында ойногону анын келечеги үчүн маанилүү.Ал айрым адамдардын чоңойсо деле ойногонду жакшы көргөндүгүн бала чагында оюнга тойбой калгандыгы менен байланыштырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/02/09/1072740737_226:0:2955:2047_1920x0_80_0_0_0984325ae8f34c6290e212a75abf1d55.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, психология, ата-эне, курс, бала, ийрим, психолог, шолпан мамытова, аудио
коом, психология, ата-эне, курс, бала, ийрим, психолог, шолпан мамытова, аудио
Баланы курстарга канча жаштан кийин берген оң? Психологдун кеңеши
Психолог Шолпан Мамытова бүгүнкү күндө ата-энелердин көбү балдарын бала бакчага барып жаткан кезинен эле кошумча ийримдерге жаздырганы туура эмес экенин айтты.
Балага 1-классты аяктамайынча эч кандай курстун кереги жок экенин Шолпан Мамытова
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бала ойной турган маалында ойногону анын келечеги үчүн маанилүү.
"Азыркы кезде ата-энелердин көбү ийгиликтүү болсун деп балдарын бала бакчага барып жаткан кезинен эле ар кандай курстарга жаздырып жатат. Бул психологиялык жактан алып караганда туура эмес. Анткени баары өз учурунда болгону дурус. Бала бакчага барып жаткан бала үчүн бул оюнга тойбой турган кез болот, демек, кошумча курстарга барбай эле ойногону жакшы. Бала ойной турган маалында ойношу керек. Ата-энелер уул-кыздарын, менимче, 1-класстан кийин курстарга берсе туура болот. Анда дагы жүк артып, бир нече ийримдерге жаздырып салбаш керек. Себеби бала бир эле учурда көп нерсени кабыл алганда бат эле кызыгы тарап, кийинчерээк окууга болгон дилгирлиги таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн. Тажрыйбамдан да мындай көрүнүштөргө күбө болуп келе жатам", — деди психолог.
Ал айрым адамдардын чоңойсо деле ойногонду жакшы көргөндүгүн бала чагында оюнга тойбой калгандыгы менен байланыштырды.