7-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр. Архивдик сүрөт
Жамгыр. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Жазылуу
7-августка караган түнү өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31 градус ысыйт.
Бул күнү Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +27...+29, Ошто +29...+31, ал эми Чолпон-Атада +24...+26 градуска жетет.
Жамгыр учурунда көлдөгү адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2023
Жаан-чачындуу болот. Келерки жумага карата аба ырайынын божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0