2021-жылдагыдан эки эсе көп. Былтыр Кыргызстанга 7 млн. чет элдик келди

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүЧемодан менен турист. Архив
Чемодан менен турист. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2023
Жазылуу
Өлкөгө киргендердин басымдуу бөлүгүн коңшу өлкөлөрдүн жарандары түзгөн.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитети былтыр Кыргызстанга 7 миллион 63 миң чет элдик келгенин билдирди.
Аталган цифра 2021-жылга салыштырмалуу эки эсе көп, анда Ала-Тоонун аймагына 3,4 миллионго жакын чет өлкөлүк жаран кирген.
Кыргызстанга кайсы кайсы өлкөлөрдөн келишти:
Өзбекстан — 4,3 миллион (2021-жылдан эки миллионго көп);
Казакстан — 1 860 миллион (1,1 миллионго көп);
Россия — 650 миң (331 миңге көп).
Башка мамлекеттерден келген жарандардын дагы саны өскөнү байкалат.
Ал эми Туризм департаменти быйыл Кыргызстанга 10 миллион турист келерин күтүп жатат.
Ташкент аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Кыргызстан өзбекстандыктар үчүн эң башкы туристтик багыт болуп калды
Жаңылыктар түрмөгү
0