Садыр Жапаровдун айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Байзак жана Кең-Суу айылдарын суу каптаган жерде.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Байзак жана Кең-Суу айылдарын суу каптаган жерде.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Жазылуу
Кечээ Түптүн Байзак жана Кең-Суу айылдарында сел жүргөн.
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Каркыра айыл өкмөтүнүн чечими менен Байзак жана Кең-Суу айылдарына өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин ӨКМ маалымдады.
Эскерте кетсек, аталган эки айылда кечээ, 2-август күнү, сел жүрүп, үйлөрдү каптаган. Кең-Суу өлкө башчынын туулуп-өскөн айылы экени белгилүү.
Сел 38 үйдү каптады. Табигый кырсыктын кесепетин жоюуга техниканын бир нече түрү, 100дөн ашуун кызматкер тартылган.
Нарын районундагы Куланак айылындагы селдин кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Нарында 16 үйдү суу каптады. Сестенткен селдин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0