4-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТоолордо нөшөр жаан. Архив
Тоолордо нөшөр жаан. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Жазылуу
4-августка караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Эртең, жума күнү, күндүз тоолуу аймактарда күн күркүрөп, өткүн өтүшү мүмкүн, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Талас аймагында +30...+35, Ысык-Көл кылаасында +26...+31, Нарын өрөөнүндө +25...+30 градус жылуу болмокчу.
Борбор калаада күндүн табы +36...+38, Ош шаарында +37...+39, Чолпон-Атада +28...+30 градуска көтөрүлөт.
Жеке үйдө газ жылытуу казаны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Пресс-борбор
Газ менен жылытуу көмүргө караганда эмнеге пайдалуураак. Эксперттин түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0