Вице-спикер порнографиялык видеолорду тараткан адамдарды камоону сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев
Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2023
Жазылуу
Буга чейин айып салуу же кара жумушка кесүү жазасы гана каралган.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев порнографиялык материалдарды тараткан адамдарды үчтөн беш жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштады. Ал тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга койду.
Учурда мындай жосундар үчүн 20-50 миң сом айып каралган, 40-100 саатка коомдук иштерге же бир жылга чейинки түзөтүү жумуштарына тартылат. Ошондой эле үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылат. Автор жазаны дагы күчөтүү керектигин айтууда.
"Кылмыш-жаза мыйзамдарында порнографиялык материалдарды таратууга катышкан уюштуруучулардын катышуучуларын жазалоо боюнча ченем жок. Көбүнчө кыянатчылар байланыш тармактарынын түрдүү ыкмаларын колдонушууда. Мындай кылмыштарды жасаган уюштуруучулар жоопко тартылбай жатат. Порнографиялык видеолор сайттар аркылуу көрсөтүлүп, стриминг кызматтарында түз эфирде таратылып жатканына маани берүү кажет", — деп жазылат маалыматтык негиздемесинде.
Сыдыгалиев сунушталган норма кабыл алынса порнографиялык мүнөздөгү материалдарды уюштуруу жана таратуу менен алектенген адамдарга алдын ала эскертүү болот деп эсептейт.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2023
Депутат шайлоого катышпаган кыргызстандыктарга айып салууну сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0