Чамдаңыз! 1-класска электрондук каттоонун бүтөрүнө бир ай калды

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи класстын окуучулары. Архивдик сүрөт
Биринчи класстын окуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2023
Жазылуу
Каттоо балдардын жашаган дарегине карабай 31-августка чейин жүргүзүлөт.
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды 1-класска электрондук каттоонун бүтөрүнө бир ай калгандыгын эскертүүдө.
Учурда каттоонун экинчи этабы өтүп жатат, ал 31-августка чейин уланмакчы. Министрликтен бул этапта жашаган дареги каралбай турганын айтышты.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинен 30-июлуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 110 миң 81 бала кабыл алынган. Анын ичинен 2 миң 440 бала жеңилдик менен катталган.
"Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 59 пайызын түзөт, дагы 75 миң 965 бош орун бар", — деп билдирди министрлик.
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.
Көп берилүүчү суроолорго жоопторду жана нускамаларды порталдын башкы бетинен табууга болот:
mektep.edu.gov.kg
youtu.be/rklBh-ZEqjs
edu.gov.kg/posts/1841/
Мугалим сабак берүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2023
Квалификациясын жогорулатууга келген мугалимдерди кызыктыра албай жатабыз. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0